Аса, аса таяк (арабча аса — таяк; аса-муса) — Муса пайгамбардын таягы. Мусулман мифологиясы боюнча Алла берген таяк менен Муса пайгамбар фараондун көзүнчө ар кандай сыйкыр көрсөткөн. Куранда айтылгандай, Муса таягын тирүү жыланга айланта алган; Фараондун куугунчуларынан качып келатып деңизди чапса деңиз ачылып, тоо болуп калган; чаңкаган элдин суусунун кандыруу үчүн асканы чапса, андан атырылып он эки булак чыккан (Куран, 2-, 20-, 26-сүрөөлөр) сопу дербиштердин, думаналардын, эшендердин «касиеттүү» таягы. А. таяк абели бадалынан жасалып, шалдырак-шулдурактар тагылат. Элдин түшүнүгүндө А. таяк аруу, касиеттүү, аскеттик (такыба) жашоо мүнөзүнүн заттык белгиси, аяны катары элестетилген. Элдик оозеки чыгармачылыкта, анын ичинде «Манаста» А. таяк думана болуп жер кезгендердин ажырагыс буюму катары кызмат кылат. Эпосто мусулман мифологиясынын кеңири белгилүү кейипкери Кызыр дайыма «аса таяк колунда» (Саякбай Каралаев, 1. 222) жүрөт. Элдин азаттык ой чабыты чагылдырылган эпизоддордун биринде сегиз жашар Манастын тентек чыкканы: «Дубана көрсө уруптур, Асасын тартып алыптыр, Азапка бөөдө салыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 1. 90),— деп баяндалат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4