Аскер-аба кемеси
Аскер-аба кемеси – кайсы бир мамлекеттин куралдуу күчтөрүнө тийешелүү, ошол мамлекеттин айырмалап таануучу белгилери бар аба кемеси. Офицер тарабынан башкарылат жана туруктуу аскердик тартипке баш ийген экипажга ээ. А.-а. к-не анын кайда турганына карабастан, өзү тийиштүү болгон улуттук мамлекеттин гана мыйзамдары жана эрежелери таралат. А.-а. к. баардык мамлекеттер тарабынан өз өкмөтүнүн тапшыруусу менен ошонун атынан аракеттенүүчү тийиштүү мамлекеттин органы катары каралат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|