Аспергиллёз (Aspergillosis) - куш жана мал ылаңы; чанда кишинин жугуштуу оорусу. Мында тери, дем алуу органдары, ичеги-карын, былжыр челдер сезгенет. Козгогучу-кебер козу карынынын кээ бир түрлөрү (Aspergillus fumigatus, кээде аспергиллёз flavus жана Аспергиллёз niger). Козгогуч дем алуу же тамак сиңирүү органдары аркылуу кирет. Аны менен куштун бардык түрү, көбүнчө жөжө, уй, жылкы, кой, чочко да ылаңдайт. Ылаңдын жашыруун мезгили 3-10 күн. Катуу кармаганы (жөжөдө) жана өнөкөтү (кушта) болушу мүмкүн. Катуу кармаганда ылаңдаган куш жем жебейт, суусайт, дем алуусу тездеп, кыйындайт, тердейт, мурдунан жана оозунан көбүктүү суюктук агат, канатын салбыратып, көзүн ачпайт, ичи өтүп, калтырайт. Өнөкөт аспергиллёз ушундай эле белгилер менен узакка жабыркап, куш арыктап өлөт. Уйдун деми кыстыгып, көкүрөгү кыркырап, кургак жөткүрөт. Алдын-алуу чаралары: жумуртканы кебер басуудан сактоо, кебер баскан жемди кушка бербөө, кеберлеген төшөлгөнү колдонбоо, кушкананы, шаймандарды маалы менен тазалоо, желдетүү, дезинфекциялоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1