Асямов Александр Георгиевич

Асямов Александр Георгиевич (21.02.1945 - 18.01.2015) - советтик, кыргыз сүрөтчү-плакатчы, график, живописчи. 1988-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Анын эмгектери 60тан ашык көргөзмөлөргө коюлган - алтысы бүткүл союздук жана тогузу эл аралык көргөзмө. 1993 - Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинин көргөзмө залында жеке көргөзмөсү өткөн.

Өмүр баяны түзөтүү

Асямов А.Г. 1945-жылы Кытайда Үрүмчү шаарында төрөлгөн. 1951-52-жылдары Кытайдагы эмигранттарга мекенине кайтып келүү мүмкүнчүлүгү берилип, Асямовдордун үй-бүлөсү СССРге көчүп келген. Асямов окуусун Кыргыз ССРинин Пржевальск шаарындагы орто мектепте баштаган. Кийин үй-бүлөсү менен Фрунзеге көчүп келген. Мектепти аяктагандан кийин көркөм училищеге өткөн. Окуудан кийин эки жыл "Айнур" заводунда сүрөтчү-дизайнер болуп иштеген. Андан кийин Көркөм фондго өтүп, ал жерде көргөзмөлөрдү даярдоого жардам берген жана өзү дагы аларга катышкан.

Асямов көбүн эсе плакаттарды тарткан. Кайра куруунун доорунун башталышы менен ал графика жана живопись менен көбүрөөк алектене баштаган. 1999-жылдын декабрь айында бул шаардын мэри баштаган эл аралык долбоордун алкагында Италияда, Торре-Канавесе шаарында болгон. Долбоордун негизги идеясы Торре-Канавеседеги үйлөрдүн жана көчөлөрдүн дубалдарын мурунку Советтер Союзунун республикаларынын сүрөтчүлөрүнүн сүрөттөрү менен кооздоо болгон. Асямовдун бир нече чыгармасы бул шаардын үйлөрүнүн дубалдарында гана эмес, шаардын көркөм сүрөт галереясынан дагы орун алган.

А.Г. Асямовдун чыгармалары Санкт-Петербург, Москва, Красноярск, ошондой эле Австралия, АКШ, Германия, Түштүк Корея, Түркия, Австрия, Норвегия, Канада, Ирландия, Англияда жеке коллекцияларга алынган.

Сыйлыктары түзөтүү

  • 1982 - Мамлекеттик автоинспекциянын Ардак грамотасы жана Ардак грамотасы, Фрунзе шаары, плакат
  • 1984 - 3-орун жана "Ичимдиксиз жашоо үчүн күрөш" коомунун Ардак грамотасы, Фрунзе, плакат
  • 1985 - 1-орун жана МАИ сыйлыгы, Фрунзе, плакат
  • 1987 - Москва, сатиралык постерлер конкурсунун диплому
  • 1988 - 1 жана 3-орундар, "Кызыл Крест" коомунун байгеси, Фрунзе шаары
  • 1989 - "Китеп искусствосу, плакаттар" сынагынын 1-даражадагы диплому, Ташкент
  • 1990 - Казакстан Дизайнерлер Союзунун Ардак грамотасы жана атайын сыйлыгы, Алма-Ата
  • 2001, 2002 - Түркиянын карикатурачылар конкурсунун катышуучусу, Айдын Доган Фонду
  • 2003 - эл аралык "Чайнектер" конкурсунун катышуучусу, Бишкек ш.