Сууга чөгүү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles *** existing text overwritten ***
Automated import of articles *** existing text overwritten ***
3-сап:
Суудан алып чыкканда анын тамыры кадимкидей эле кагып, дем алса, бирок эс-учу жок болсо, башын чалкалатып, астыңкы жаагын ылдый тартып, оозунун ичин балыр, ылай, кусундудан тазалап (кол менен), этин кургата сүртүп, нашатырь спиртин жыттатып, дем алуусун активдештирүү үчүн тилин улам-улам тартып турган оң.
Эгер жүрөгү согуп, бирок дем албаса, тезинен жогорудагы бардык чараны көрүп, «ооз менен оозго» же «ооз менен мурунга» жасалма дем алдыруу зарыл. Дем албаса, жүрөгү да сокпосо, жасалма дем алдыруу менен жүрөк массажын жасоо керек.
Биринчи жардам көрсөткөндөн кийин жабыркаганды абалына карабастан жакын арадагы медициналык мекемесине жеткирүү зарыл, анткени бардык учурда, ал тургай жеңил жабыркаганда да оор кабылдоодон адам өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Кырсык болбош үчүн балдарды суу жээгинде кароосуз калтырбай, кайыктан сууга түшпөй, чектелген жерден ары кетпей, алкоголь ичимдиктерин ичкенде сууга түшпөй бардык эрежелерди так сактоо керек. Күнгө өтө ысып алып, айрыкча улгайган, жүрөк-кан тамыры оорулуулардын сууга түшүшү, ошондой эле тааныш эмес жерде сууга секирүү (айрыкча башы менен) өтө коркунучтуу. <br/>
== Колдонулган адабияттар ==
* Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8 [[Категория:Медицина]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Сууга_чөгүү" булагынан алынды