Табарсык: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles *** existing text overwritten ***
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Illu bladder.jpg|thumbnail|Эркек адамдын табарсыгы]]
'''Табарсык''' — бөйрөктөн келген заараны топтоп чыгаруучу булчуңдуу көңдөй орган. Ал чаткаяк сөөктөрүнүн биригишкен жеринин артында, кичине жамбаш көңдөйүнөн орун алган. 50 жаштан кийин чаткаяк булчуңдары бошогон соң, андан да төмөндөйт. Т-тын сыйымдуулугу орто эсеп менен 500—700 мл. Т. бош учурунда кичине жамбаш көңдөйүндө болуп, алды жагынан чаткаяк сөөктөрүнүн биригишкен жерине, ал эми арт жагынан аялдарда жатынга, эркектерде урук ыйлаакчасы менен көтөн чучукка тийип турат. Т-тын ички бети былжырлуу чел, сырты жылмакай чел кабыкча менен капталган. Бул эки кабыкчанын ортосунда Т-тын булчуң катмары бар. Ал өз кезегинде үч катмардан турат. Анын сырткы жана ички катмары узатасынан кеткен булчуң талчаларынан турса, ортосундагы булчуң тарамдары кыйгачынан жатат.
Ар кандай багытта жайгашкан булчуңдар жыйрылганда анын көлөмү кичирейип, заара сыртка чыгууга мүмкүндүк түзүлөт. Т-тын булчуң катмары жакшы өөрчүп, ал заара чыгаруучу түтүктүн ички тешикчесин курчап кысып турат да, зааранын топтолуусуна, ошондой эле мезгили менен сыртка чыгарып турууга көмөктөшөт. Т-тын былжыр чели инфекцияны өтө сезгич келет. Аялдардын заара чыгаруучу түтүгү кыска болгондуктан, жыныс органдарынын сезгенүү оорусунда инфекция Т-ка түшүп, аны сезгентет (к. Цистит). <br/>
== Колдонулган адабияттар ==
* Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8 [[Категория:Медицина]]
 
[[Категория:Анатомия]]
[[Категория:Биология]]
[[Категория:Адам]]
 
{{Link FA|de}}
 
[[an:Vuixiga]]
[[ar:مثانة]]
[[arc:ܫܠܦܘܚܬܐ]]
[[ay:Yaq'allachi]]
[[az:Sidiklik]]
[[be:Мачавы пузыр]]
[[be-x-old:Мачавік]]
[[bg:Пикочен мехур]]
[[br:C'hwezigell (korfadurezh)]]
[[bs:Mokraćna bešika]]
[[ca:Bufeta urinària]]
[[cs:Močový měchýř]]
[[cv:Шăк хăмпи]]
[[cy:Pledren]]
[[da:Urinblære]]
[[de:Harnblase]]
[[dv:މަސާނާ]]
[[en:Urinary bladder]]
[[eo:Urina veziko]]
[[es:Vejiga urinaria]]
[[eu:Puxika]]
[[fa:مثانه]]
[[fi:Virtsarakko]]
[[fr:Vessie]]
[[ga:Lamhnán]]
[[gd:Aotraman]]
[[gl:Vexiga urinaria]]
[[he:שלפוחית השתן]]
[[hi:मूत्राशय]]
[[hr:Mokraćni mjehur]]
[[ht:Blad pipi]]
[[hu:Húgyhólyag]]
[[id:Kandung kemih]]
[[io:Veziko]]
[[it:Vescica urinaria]]
[[ja:膀胱]]
[[jv:Kandhung kemih]]
[[kk:Қуық]]
[[ko:방광]]
[[la:Vesica]]
[[lt:Šlapimo pūslė]]
[[lv:Urīnpūslis]]
[[ms:Pundi kencing]]
[[nl:Urineblaas]]
[[no:Urinblære]]
[[pl:Pęcherz moczowy]]
[[pt:Bexiga]]
[[qu:Ispay puru]]
[[ro:Vezică urinară]]
[[sh:Mokraćna bešika]]
[[simple:Bladder]]
[[sk:Močový mechúr]]
[[sl:Sečni mehur]]
[[sr:Мокраћна бешика]]
[[sv:Urinblåsan]]
[[te:మూత్రాశయం]]
[[th:กระเพาะปัสสาวะ]]
[[tl:Pantog]]
[[tr:İdrar kesesi]]
[[ug:دوۋساق]]
[[uk:Сечовий міхур]]
[[yi:אוריניר פענכער]]
[[zh:膀胱]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Табарсык" булагынан алынды