Кош бойлуулук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м робот кошту: ro:Graviditate
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Baby belly.jpg|250px|right|thumb|Кош бойлуулук ]]
'''Кош бойлуулук''' (лат.[[Латын тили|латын тилинен]] graviditas) — аялдын организминде боюна бүткөндөн тартып төрөлгөнгө чейин түйүлдүктүн өөрчүшү менен мүнөздөлгөн физиологиялык процесс. Ал орто эсеп менен 40 жумага же 280 күнгө созулат.
 
Аял бойго бүтүүнүн алгачкы белгилери (этек кири токтойт, кээде кускусу келип, башы айланат) пайда болгондо аялдар консультациясына кайрылуусу зарыл. Бул догдур боюна бүтүүнүн так мөөнөтүн жана төрөгөнгө чейинки отпускасын туура аныктоого жардам берет.
6-сап:
Жатын түтүгүндө уруктанган жумуртка клеткасы жатынды карай жылат. Ал жылып келатып назик түкчөлөр менен капталган көп клеткалуу түйүлдүккө айланат. Түкчөлөрү менен жатындын былжыр челине жабышат. Ошондон баштап кош бойлуу аялдын организминде айрым системалардын иши өзгөрө баштайт. Түйүлдүктүн бекиген жериндеги түкчөлөрү жыш өсүп, алардан киндик аркылуу түйүлдүк менен туташкан баланын тону пайда болот.
 
Ал аркылуу түйүлдүк киндик кан тамырлары боюнча энеден азык зат, кычкылтек алып, зат алмашуунун продуктуларын чыгарып турат. [[Жатын]] түтүгүнүн ар кандай ооруларында жумуртка клеткалары жылбай жатын түтүгүнө жабышып калышы мүмкүн (к.[[Жатындан тышкары бойго бүтүү]]).
 
Кош бойлуу кезде борбордук нерв системасында озгөрүүлор жүрүп, ошондон улам жатын булчуңун бошоңдотуучу жүлүндүн козголгучтугу төмөндөп, жатынды тынч абалга келтирет. Жаңы ички секреция бези пайда болуп, кош бойлуулукка жардам берүүчү гормон иштеп чыгарат. Баланын орду чыгарган гормон эмчек безинин чоңоюшуна таасир этет.