Уулануу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Уулануу''' — организмге уу зат таасир эткенде болуучу оорулуу абал. <br /> == Белгиле..."
 
No edit summary
13-сап:
== Биринчи жардам ==
Ууланууга толук ишенгенден кийин гана биринчи жардам көрсөтүү керек. Себеби кээ бир оорулардын, мисалы, айрыкча улгайгандарда миокарддын инфаркты, инсульттун белгилери (ичи ооруп, жүрөгү айланып, кусат, алы кетет) ууланууга окшош болушу мүмкүн. Мындай белгилер ичегинин буралышында, энтеритте ([[Гастроэнтероколит]]) да болот. Бул учурда карынды тазалоо, ич алдырма туздарды колдонуу оор кабылдоолорго алып келиши мүмкүн.
== Дагы кара ==
* [[Тиричилик химиясынын препараттарынан уулануу]].
* [[Дары-дармектен уулануу]].
* [[Алкоголь жана анын суррогаттары менен уулануу]].
* [[Козу карындан уулануу]].
* [[Уу химикаттардан уулануу]].
* [[Уулуу өсүмдүктөрдөн уулануу]].
* [[Жаныбар уусу менен уулануу]].
* [[Бактерия менен булганган тамактан уулануу]].
== Катуу ууланууну алдын алуу ==
Киши мурда өзү билбеген дарыны ичип же сыйпанып, өзүн өзү дарылоого болбойт. Үй аптекасында дарыны туура сактап, анда 1-жардамга зарыл жана ошол убактагы ооруну дарылоодо керек дарылар гана болуу керек. Дарыны бала жетпеген жерде, жабык идиште сактоо зарыл.
Тиричилик химиялык каражаттардын инструкциясын бузбай пайдалануу, киши жашабаган бөлмөдө, тамак-аштан алыс сактоо керек. Консерваланган продуктунун таза экенине ишенгенден кийин гана аны тамакка колдонуу, өздүк гигиена эрежелерин так сактоо зарыл.
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Уулануу" булагынан алынды