Алмамбеттин күмбөзү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
(Айырма жок)

14 сентябрь 2012, саат 13:05 учурдагы нуска

Алмамбеттин күмбөзү — Батыш Кытайдын Манас шаарындагы Сөгөт мазарындагы күмбөз. Шаардын түштүк-чыгышында, кадимки мусулмандардын күмбөзүндөй ак чоподон жасалган. Ичине намаз окуй турган кобутча чыгарылып коюлган. Кашаттын алдындагы узундугу 3 км, туурасы 1 км келген тектирде чоңдугу койдой, салмагы 20—30 кг жумуру таштар жатат. Уламыш боюнча илгери Манас менен Коңурбай согушканда ушул таштарды да колдонушкан. Ошол салгылашта эки тараптан тең көп кол кырылып, алар ушул Сөгөт мазарына коюлган имиш.

Колдонулган адабияттар

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4