Итий: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |
||
1-сап:
[[Файл:Итий1.jpg|thumb|right|Итий менен ооруган баланын омуртка тутумунун кыйшайышы.]]
[[Файл:Итий2.jpg|thumb|
'''Итий''' — [[Организм|организмде]] [[Витамин Д|Д витамини]] жетишпегенде фосфор-кальций алмашуунун бузулуусунан болгон оору. Көбүнчө 2—3 айдан 2 — 3 жашка чейинки балдар ооруйт.
Итийге демейде ара төрөлгөн, начар, тежемел багылган балдар учурайт. Бала туура эмес тамактандырылса, начар багылса, таза абада жана күндө аз болсо Итий болот. Мындан тышкары баланын түрдүү оору менен көп оорушу, кош бойлуу эненин туура эмес эс алышы жана тамактануусу түрткү болушу мүмкүн. Бул учурда фосфор жана кальций минерал туздарынын алмашуусу абдан бузулат. Кальцийдин ичегиде сиңбей жана сөөктө чогулушу бузулуп, сөөк тканынын ичкеришине жана жумшарышына, [[Нерв системасы|нерв системасынын]], ички органдардын ишинин бузулушуна алып келет. Итий менен ооруган балдар коркок болуп, чыргоолонот, начар уктайт, өтө терчил болот (тамактанып жатканда бети, уктаганда башы тердейт), тердеген жери кычышып, башын жаздыкка сүргүлөйт, желкесинин чачы түшүп, такыраят. Курсагы чоңоёт, ичи катат же өтөт. Булчуңдарынын тонусу начарлайт, кеч отуруп, кеч басат. Кийинчерээк сөөк системасында өзгөрүүлөр байкалат. Эмгеги кеч катат; башы чоңоюп, кежигеси жалпаят, төбө жана маңдай сөөктөрү өсүп, чекеси томпоюп калат. Сөөктүн жумшарышы жана булчуң ишинин бузулушунан көкүрөгүнүн формасы өзгөрөт. Тиши кеч жарылып, туура эмес чыгат. Отура баштаганда омуртка тутуму кыйшаят, буттары «X» же «0» формасында ийреет. Итий менен ооруган балдарга түрдүү жугуштуу оорулар тез жугат. Көп учурда Итий оорусуна ата-энелер көп көңүл бурушпайт же [[Врач|дарыгердин]] көрсөтмөлөрүн так аткарышпайт. Бул омуртка тутумунун жана буттун кыйшайышына, тамандын жалпайышына, жамбаш сөөгүнүн бузулушуна алып келерин эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан оору белгиси билинери менен врачка кайрылуу зарыл.
|