Экология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.3) (робот өзгөрттү: ps:چاپېريالپوهنه
No edit summary
1-сап:
[[File:Ecologia.jpg|thumb|200px|]]
'''Экология''' (грек тилинен oikos - ''үй, мекен'' жана logos - ''илим'')- [[Организм|организмдердин]] өз ара жана айлана чөйрө менен болгон байланышын изилдөөчү илим.
 
Тирүү организмдин жашоо шартын жана организмдердин жашоо чөйрөсү менен өз ара байланышын изилдөөчү илим. «Экология» терминин 1-жолу немец биологу Э. Геккел колдонгон. Тирүү организмге чөйрөнүн түздөн-түз же кыйыр тийгизген таасири экологиялык фактор деп аталат. Ал биотик жана абиотик факторлоруна бөлүнөт. Биотик түрүнө тамак-аш факторлору, айрым особдордун же бир түрдөгү особдор тобунун жана ар башка түрдүн ортосундагы өз ара мамиле (аймак, тамак-аш, суу жана башкалар үчүн күрөшүү) кирет. Абиотик факторлор биологиялык объектиге сырттан таасир этет, мисалы, температура, жарык, нымдуулук, жаан-чачын, атмосфералык басым, шамал, атмосферанын иондошуусу жана башкалар Белгилүү түрдүн жашаган шартынын жыйындысы (жашаган, көбөйгөн жери, тамагы, башка түр менен өз ара мамилеси жана башкалар) ошол түрдүн экологиялык очогун түзөт. Тирүү организмдин жашоо чөйрөсү менен өз ара мамилесин үйрөнүүдө биологиялык ыкмалар менен маалыматтар гана колдонулбастан [[Физика|физика]], [[Химия|химия]], [[Геология|геология]], [[География|география]], [[Экономика|экономика]] жана башкалар илимдер да пайдаланылат.
'''Экология''' (грек тилинен oikos - ''үй, мекен'' жана logos - ''илим'')
- организмдердин өз ара жана айлана чөйрө менен болгон байланышын изилдөөчү илим.
 
Адамдын өндүрүштүк активдүүлүгүнөн [[Атмосфера|атмосфера]], [[Океания|океан]], [[Көл|көл]], дарыя-суулардын булганышы, өсүмдүктөрдүн жок кылынышы, жаныбарлардын көп түрүнүн тукум курут болушу айлана-чөйрөнү коргоо маселесине чоң көңүл бурууга жана Экологиялык изилдөөлөрдүн кеңейишине түрткү берди. Экологиянын алдында биологиялык ресурстарды үнөмдүү пайдалануунун илимий негизин түзүү, адамдын иш-аракетинин таасиринен табияттын өзгөрүшүн изилдөө, мындай өзгөрүүлөрдүн масштабын, мүмкүндүгүн алдын ала прогноздоо, ошондой эле биосферада өтүүчү процесстерди башкаруу методдорун иштеп чыгуу милдети турат. Экологиянын көйгөйлөрү [[Медицина|медицина]] менен тыгыз байланышта болуп, социалдык-гигиеналык мүнөзгө ээ. Өндүрүштүк чарбанын улам тез темп менен тийгизген таасиринен чөйрөнүн ылдам өзгөрүшү адам жана ал жашаган чөйрөнүн ортосундагы Экологиялык тең салмактын бузулушуна алып келиши ыктымал, кээде анын бузулган учурлары да болуп жатат. Ошондуктан калктын ден соолугун жана айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу максатында адамзаттын өндүрүштүк иш-аракетин жаңы негизде өркүндөтүү максатка ылайыктуу.
 
== Колдонулган адабият ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
[[Category:ИлимМедицина]]
[[Category:Илим]]
 
{{commonscat|Ecology}}
 
[[Category:Илим]]
 
[[af:Ekologie]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Экология" булагынан алынды