Бакчиев, Талантаалы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: изменение Категория:Манасчы на Категория:Манасчылар
No edit summary
23-сап:
Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү (2006), «Манас-мурас» коомдук фондунун мүчөсү, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси (2010), «[[Манас эли]]» Коомдук бирикмесинин «Манас» төш белгисинин ээси(2010),«[[Манас]]» банкынын стипендианты, манасчы Бакчиев Талантаалы Алымбек-уулу [[Ысык-Көл]]дун [[Ак-Суу]] районуна караштуу [[Маман айылы]]нда (мурдагы [[Кара-Бөлтөк]]) 1971-жылы 2-декабрда туулган. 2010-жылдын июль-август айларында «41 күн бою «Манас» айтуу» Сөң-Көлдө өткен иш чарасынын катышычуусу. Бугунун арыкмырза уруусунун сарыкалпак уругунан. <br>
==Манасчылык аяндын пайда болуусу==
Талантаалы манасчылыкка 12-13 жаш курагында келет. Бардык жаратман манасчыларга таандык болгондой эле ал кереметтүү түш аркылуу «[[Манас]]» айтып калат. Түшүндө: Чыйырды, Манас, Каныкей, Коңурбай, [[Алмамбет]], [[Чубак]], Ырамандын Ырчы уулу, Сыргак, Семетейлерге кабылган. Мына ошол алгачкы түштөрүнүн бирин, ал өзү төмөнкүчө баяндайт: «Адатгагыдай эле мен коюмду айдап, [[Жыргалаң суусу]]нун боюна жайып чыктым. Түш оогондон кийин бир аз тамактанып, чычырканактын түбүнө ыксырап жатып, көзүм илинип кетиптир. Жыргалаңдан бери дебе ылдый мени эки адам жетелеп келип, суу боюндагы чоң ак боз үйдүн ичине түртүп, киргизип жиберишти. Тизелеп барып, отуруп калдым. Башымды көтөрүп, айланамды карадым. Коломтодо бүлбүлдөп күйгөн оттун жарыгынан улам, керегеде илинген илбирс, жолборс, аюунун терилерин жана алты кездей келген болот кылыч, капкадай кара калкандын илинип турганын даана көрдүм. Аңгыча, эки аял киши жаныма басып келип, колтугумдан сүйөй, төрдөгү жыгач тактанын үстүндө жаткан дырдай жылаңач наристенин жанына жетелеп келишти. Мунун бири Айкөлдү тапкан Чыйырды, экинчиси Айкөлдү Айкөл кылган айтылуу Каныкей энелер экенин баамдадым. Анан Каныкей: «О, айланайын кулунум, айла таппай курудум. Ойной турган чагымда, ооматым келген маалында, Айкөлдү жуттум мен шордуу. Олдо-бүлдө дүнүйө ай! Эми көкжалымдын белеги, эл- журтумдун желеги кыймылсыз жатат дени чок, эчкирсем угар киши жок» - деп, көзүнүн жашын көл кылып мага кайрылды. Эмнегедир ошол учурда мени кандайдыр бир күч башкаргансып, тактанын үстүндө жаткан баланын тулку боюн ушалап, оозун ачып, үйлөп кирдим. Үйлөгөн сайын менин оозуман көк нур чыгып, баланын оозуна кирип жатты. Айтор, канча убакыт өткөнүн билбейм. Бир убакта эки көзү ачылып, эмелеки кыймылсыз жаткан баланын денесине жан кирип, оозунан ак көбүк оргуштап чыгып жатты. Мен буркурап ыйлап, тактанын үстүнөн шыпырыльш барып, жердеги аюу талпактын үстүнө отуруп калдым. Аңгыча, башында карасы бар Каныкей эне кесе сунду. Мен жыгач кеседеги кымызды тартып жибердим: «Кагылайын каралдым, жомокчулукка жарадьң. Кайыптан бизге туш болдуң, карааны бийик куш болдуң. Ак бата бердик, кабыл ал, Айкөл атаң, эрдигин, ааламга ырдап, салгын жар! Эми биз тээтетиги аяшым Алмам түнөгөн мазарлуу дөбө [[Боз-Учук]]ка барабыз» - деп, көздөн кайым болушту». <br>
Кийинчерээк, чоң атасы Саякбай (аталаш) манасчы утур-утур түшүнө кирип, «[[Манас]]» айтууну үйрөүп турат. Анан өз колу менен бышкан койдун башын сунуп: «Ме айланайын, алагой, тилегиңе жетегой, аттуу-баштуу жомокчулардан бол!» - деп, батасын берет. Дагы бир түшүндө устаты Шаабай манасчы Талантаалыга үч кап таруу берет. <br>
Т.Бакчиев классикалык түрдөгү манасчылардын улантуучусу, азыркы салттуу жаратман манасчылардын бири. Талантаалынын манасчылыкты аркалап калышына, залкар манасчы Саякбай Карала уулу менен жакын тууган болуп калгандыгы да себеп болушу мүмкүн. Ал устаты Ш.Азизовдун жанында 15 жылга жакын жүрүп, андан айтуучулуктун сырларын, «[[Манас]]» эпосунун классикалык мазмунун өздөштүрдү. Анын устаты Шаабай болсо, Шаабайдын устаты Саякбай. Ал эми Саякбайдын устаты Шаабайдын чоң атасы Чоюке болгон. Ошентип, Талантаалы тээ ата-бабадан бери келе жаткан жиптин азыркы учугу. Мындан сырткары, ал белгилуу манасчылар Кааба Атабеков менен Кубанычбек Алмабековдун өнөрканаларына күбөө болуп, бата алган. <br>