Наристе балдар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "thumb|250px '''Наристе балдар''' — 4 жумадан 3 жашка чейинки балдар. Бул..."
 
2-сап:
'''Наристе балдар''' — 4 жумадан 3 жашка чейинки балдар. Бул курак шарттуу түрдө эмчектеги (1 жашка чейин) жана 3 жашка чейинки балдар болуп айырмаланат. Бала 1 жаштан өткөндөн баштап күч жагынан гана эмес, акыл-эси да кире баштайт, өтө тетик болушат. Бул мезгилде эркек балдар менен кыздар бирдей деңгээлде өсүп, өнүгөт. Бир жаштан өткөндөн баштап, алардын салмагы жылына 2 — 3 кг, бою 11 —12 см, эки жаштан өткөндө салмагы 2 — 2,5 кг, бою 7— 8 см өсөт. Наристе балдардын териси назик келип, оңой жараланат, ошондуктан таза күтүү керек. [[Скелет|Скелети]] кемирчектүү жана ийкемдүү келет. Бала бул мезгилде сөөгүнө күч келтирип көп кыймылдайт, ошол себептүү баланын кыймылына көз салуу керек. Баланын мебелин жана бут кийимин туура тандоо зарыл. Анын эмгеги ([[Эмчектеги бала]]) 1 —1,5 жаштан кечикпей катууга тийиш. Бир жаштан өткөндө баланын 12 сүт [[Тиш|тиши]] жарылып, экиге толгондо 20 тиши чыгат. 2—3 жашка караган баланын дем алуу органдары жана [[Жүрөк - кан тамыр системасы|жүрөк-кан тамыр системасы]] андан ары өөрчүп, ишке жөндөмдүүлүгү арта баштайт. [[Дем алуу]]су тереңдеп, минутасына 28—30 жолу дем алат, тамыры 110 жолу кагат. Баланын тамак сиңирүү органдары жетиле элек болот, андыктан анын тамак-ашы чоң кишиникинен айырмалануусу тийиш.<br />
== Нерв-психикалык абалы ==
Нерв-психикалык абалы ([[Эмчектеги бала|Бала психикасынын өөрчүшү]]) жана кыймылы да өнүгүүнүн үстүндө болот. 1 жаштан тартып бала өзү отуруп-турат, басууга аракеттенет; оюнчук менен эркин ойнойт. Көп сөздү түшүнөт. 30— 50 сөздү айта алат. Бир жарым жашынан тартып басканы тыңыйт, чуркагысы келет, топту кубалап ойнойт, карандаш кармап сүрөт тартууга аракеттенет, кооз сүрөттөрдү жакшы көрөт, тааныш буюмдардын, айбанаттардын атын атайт. Кашык кармап тамакты өзү ичүүгө, кийинип-чечинүүгө аракеттенет. 2—3 жашта өз алдынча тың басат, чуркайт, тепкичтен баса алат. Чоң кишилер менен жакшы сүйлөшөт, анча татаал эмес ырды жаттай алат, буюмдун өңүн жана формасын тааныйт. Өтө баамчыл болот, айланасындагыларга кызыгып, көп сурайт, сүрөт тартууну каалайт. Башка балдар менен чогуу ойногонду жакшы көрөт.
 
== Тамактануусу ==
1ден 3 жашка чейинки баланын ичеги-карыны жакшы даярдалган тамакты гана сиңире алат, тамак менен түшкөн оору козгогуч микробдорду жок кыла албайт. Туура эмес тамактандырылган бала бул жашында ичеги-карын оорулары менен көп ооруйт ([[Диспепсия]]). Баланын өсүп жаткан организми [[белок]], [[май]], [[углеводдор]], [[витаминдер]] жана туздар менен жетиштүү камсыз болуусу тийиш. Белоктордун жарымы жаныбарлардан алынышы керек (эт, балык, сүт, айран, кефир, жумуртка жана башкалар). Майды бала негизинен ак май, жумуртканын сарысынан алат. Майды көп берүүдөн баланын тамак сиңирүүсү начарлайт, тамак ичкиси келбей, арыктай баштайт. Балыктын майын врачтын көрсөтмөсү менен гана берүү керек ([[Итий]]). Углеводду 3 жашка чейинки бала суткасына 70—100 ''г''дай алуусу тийиш. Ундан даярдалган таттуу тамакты көп жеген бала тез салмак кошот, бирок бул ден соолукка зыян. Андай балдар «борпоң» келип, көп ооруйт. Витаминдер жашылча, [[Жемиштер|жемиштерде]], акшактарда, [[Боор(медицина)|боордо]] жана башкалар азыктарда көп болот. Балага жеңил сиңе турган уйдун, тооктун, коёндун кара кесек этин, сүт жана сүт азыктарын, нан, кара күрүч жана сулу ботко, ар түрдүү жашылча жана! жемиш, ширелерди берүү керек. Жумуртканы жумасына 1 — 2ден ашык берүүгө болбойт, аны көп жегенде айрым балдар экссудаттык диатез болот. Ошол себептүү 3 жашка чейинки балага шоколад, тооктун күчтүү сорпосун, апельсин жана мандаринди көп берүүгө жарабайт. Эттүү тамакты эртең менен, түштө берүү пайдалуу, анткени ал карында көпкө кармалып суусатат, баланын уйкусун качырат. Кечки тамакка ботко, сүт жана сүт азыктарын берүү жетиштүү. Этке кошуп жашылча берген жакшы. Баланы дайыма бир мезгилде тамактандыруу оң, бул шарттуу рефлексти пайда кылат. 1,5 жаштан тартып аны 4 маал тамактандыруу керек. Баланы беймаал тамактандыруу анын табитин начарлатат. Баланын табитин ачуу үчүн аны таза абада көп ойнотуу керек. Тамакты түрдүүлөп, даамдуу бышыруу зарыл. Эгер бала тамак ичкиси келбесе аны зордоо жарабайт, кийинки тамакка чейин күтүү оң. Баланын өз убагында заңдоосуна көз салуу керек, ич каткандан да анын табити начарлайт. Баланы тамак ичүүгө даярдоо да маанилүү: тамак ичүү ордун даярдап, колун жууп, мойнуна боркок байлоо керек. 1,5—2 жашар баланы дасторкон жайып, идиш ташууга үйрөтүүгө болот. Тамакты чачпай, таза жешке көндүрүү зарыл. Баланы коркутуп, ачууланып же алдап тамак жедирүү туура эмес.