Эпидемия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
5-сап:
== Балдардын жугуштуу оорулары ==
Балдардын жугуштуу ооруларында оорулуу менен бирге болгон балдар белгилүү мөөнөткө чейин же лабораториялык жыйынтык чыкмайынча балдар мекемелерине кабыл алынбайт; эгер оорулуу ооруканага жаткырылбаса, анда аны өзүнчө көпкө кармоо керек. [[Кептөөр |Кептөөр]], [[менингит]], ич [[КЕЛТЕ|келте]] менен ооруган балдар мекемелеринин кызматкерлерине текшерүүнүн жыйынтыгы чыкмайынча иштөөгө уруксат берилбейт. Текшерүүдө бактерия таратуучулар аныкталса, алар дарылануудан өтүшөт. Ичеги-карын жугуштуу ооруларынын бактериясын таратуучулар тамак-аш азыктары менен иштесе алар ишке, балдардан табылса балдар мекемелерине барууга тыюу салынат. Балдар мекемелеринен жугуштуу оору чыкса тийиштүү топ карантинге алынып, жаңы балдарды кабыл алууга, балдарды бул топтон башка топко которууга болбойт. Оору кайталанса карантиндин мөөнөтү узартылат. Айрым жугуштуу ооруларда бөлүп багуунун жана карантиндин мөөнөттөрү: кептөөрдө — бактериологиялык текшерүүдөн оору козгогуч табылбай калганга чейин; көк жөтөлдө — 7 жаштан жогорку балдар үчүн 14 күн (эгер ооруканага жатпаса 25 күн), кызылчада — мурда кызылча менен оорубаган, эмделбеген балдарга 17 күн (гаммаглобулин алгандарга 21 күн); [[Менингококк инфекциясы|менингококк инфекциясында]] — бактериологиялык текшерүүдөн козгогуч табылбай калганга чейин; топтогу карантиндин мөөнөтү 10 күн; суу чечекте —7 жашка чейинки мурда оорубаган балдар үчүн 21 күн; [[Паротит|эпидемиялык паротитте]] — ооруй элек 10 жашка чейинки балдар үчүн 21 күн; [[Скарлатина|скарлатинада]] — мектепке чейинки, ошондой эле 1 — 2-класстагы балдар үчүн 7 күн, оорулуу үйдө багылса 17 күн; ангина же скарлатина менен ооруган балдарга жолуккандарды бөлүп багуунун мөөнөтү 22 күн (ангина кармагандан баштап); [[Вирустуу гепатит|вирустук гепатитте]] (Боткин оорусу) карантиндин мөөнөтү 35 күн; бирок гамма-глобулин алган балдар карантин тобуна жиберилет.
== Эпидемия очогу ==
 
Эпидемия очогу — жугуштуу оорулуу же оору козгогуч алып жүргөн адамдын жашаган жайы, жери (үйү, иштеген мекемеси жана башкалар). Эпидемия очогу жугуштуу оорунун булагы болгондуктан ал калк арасында таралышында чоң роль ойнойт. Эгерде оорулуу врачка эртерээк кайрылбаса, өз убагында өзүнүн тегерегиндеги соо кишилерден бөлүнбөсө, туура, жакшы дарыланбаса оору узакка созулуп же өнөкөт түргө айланат. Оорулуу анын козгогучтарын алып жүрүп, аларды организминен тышка чыгарып турат. Натыйжада айлана-чөйрөдөгү суу, тамак-аш, идиш-аяк, буюмдар жана башкалар булганып, оору дагы башка кишилерге жугуп, жаңы эпидемия очогу пайда болот. Айрыкча жугуштуу ичеги-карын ооруларынын эпидемия очогу көбүрөөк кезигет. Себеби мындай оорулуулар көп убакта чоң кишилерде жеңил өтүп, оорулуу врачка кайрылбагандыктан, ал убагында ачылбай оорунун булагы болуп кала берет. Ал эми кээ бир жугуштуу оорулар капысынан катуу кармап, оор болгондуктан оорулуу эрте врачка кайрылат да, өз убагында аны бөлүп, ооруканада дарылоо, дезинфекция жүргүзүлүп, карантин коюлуп, чогуу болгондор эмделет. Натыйжада эпидемия очогу пайда болбойт.
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Эпидемия" булагынан алынды