Жалпак тамандуулук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м r2.7.3) (робот кошту: et:Lampjalgsus; косметические изменения
1-сап:
[[Файл:Flatfeet.jpg|thumb|250px| Жалпак тамандуулуктун үчүнчү деңгээлине чейинки таман издери.]]
'''Жалпак тамандуулук''' (май таман) — бир же эки буттун тең таманынын жалпак болушу. Соо бутта тамандын ички жагы көтөрүлүп кобул пайда кылып, улам сыртына карай кобул жоголуп, жерге тамандын сырты тийип турат. Ал эми Жалпак тамандуулукта тамандын ички кобулу жоголуп, басканда таман толук бойдон жерге тийип калат. Жалпак тамандуулук көбүнчө бала кезде башталып, таманга келген күч булчундардын, байламталардын жана сөөктөрдүн чыдамына ылайык келбегенде болот. Ага баланын денесинин ашыкча салмагы, итий жана башка түрткү берет. Чоң кишилерде Жалпак тамандуулук көпкө чейин тикесинен туруу, оор кара жумуш жасоо, ыңгайсыз бут кийим кийүү, кызыл ашык муундарынын кырсыкка чалдыгышынан жана башка болот. Тубаса Жалпак тамандуулук өтө сейрек кезигет. Кийин пайда болгон Жалпак тамандуулутун себебине жараша бир нече түрү белгилүү.
 
Статикалык жалпак тамандуулук эң көп кездешет. Мында семирүүдөн булчуң эт, тарамыштар чоюлуп, таман кобулу жоголуп, жалпак болуп, тамандын майда сөөктөрү бүт бойдон жерге тийип калат. Жалпак тамандулуктун бул түрү менен оор жүк көтөрүп иштегендер (жүк көтөрүүчүлөр, усталар, куруучулар жана башка), туруп иштегендер (мисалы, тиш доктурлар, чач тарачтар, нан жапкандар, сатуучулар жана башка) ооруйт. Ошондой эле 4—5 жашка чейинки балдарда байкалганы менен кийин эч кандай дарылоосуз эле, бала өскөндө таман коңулу да өсүп кетет. Жалпак тамандуулуктун бул түрүнүн белгилери анча байкалбайт. Көп басканда адегенде тизе ооруп, таман ысып, сайгылашат, бир аз эс алгандан кийин оорусу басаңдап калат. Адамдын басыгы бузулат. Барабара кызыл ашыктын томугу, тизе, бел да ооруй баштайт. Сыртынан караганда тамандын өзгөргөнү байкалбайт, бирок тургузганда таман жалпайып көрүнөт. Согончок, буттун манжалары, кызыл ашык мууну шишигенсип калат.
6-сап:
Акырындык менен буттун бармагы сыртка карап, сөөмөйдү басып калат да, бут кетменинин сырткы тарамыштары тырышып, тартышат.
Итий менен ооруган балдардын сөөгү жумшак, ийилчээк, чоюлчаак болуп калгандыктан, итийден кийин да алпак тамандуулук пайда болот.
Сыныктан кийин болгон жалпак тамандуулук кызыл ашыктын томуктары, согончок же манжалар сынып туура эмес бүтүп калгандан кийин болушу мүмкүн.
Шал оорусунан кийин болуучу жалпак тамндулук көбүнчө балдардын шал оорусунда таман кобулдарын туура абалда кармап туруучу булчуңдардын тарамыштары шал болгондо келип чыгат.
Жалпак тамандуулукту дарылоодо [[Дене тарбия|дене тарбияг]]а өзгөчө көңүл бурулат. Денени чыңдоо, керектүү витаминдерди берүү, атайын дарылоо, массаж жасоо, убактысынча гипске таңуу, атайын батек (супинатор) салуу, бут кийимди туура кийгизүү, керек болсо атайын бут кийим менен камсыз кылуу керек.
Жалпак тамандуулукту алдын алууда физкультура менен [[Спорт|спорт]]ко үзбөй катышуу чоң мааниге ээ, сууда сүзүү пайдалуу. Жалпак тамандуулуктун белгилери байкалгандар бутка күч келтире турган оюндарга (мисалы, оор атлетика, чуркоо, коньки тебүү жана башка) катышууга болбойт. Жылуу мезгилде кумда, жумшак жерде жылаңаяк басуу да пайдалуу. Көпкө тике туруп иштегендерге тамандарын теңдеп коюп, сырт жак кырына сүйөп, күнүнө 5—10 минутадан бир нече жолу тыным алдыруу сунуш кылынат. Жалпак тамандуулукту алдын алууда бут кийим өтө тар же кенен болбой, такасынын бийиктиги 3—4 смден ашпоого тийиш. Өтө бийик такалуу бут кийим туурасынан жалпак тамандуулукту өстүрөт. Балдардын бут кийиминин таманы катуу, жапыз такалуу (1—2 см), апкыттуу болууга тийиш. Балдардын келбетине көз салып, алар денеси менен башын түз кармап, бутунун башын эки жакка тейтейтпей басуусуна көңүл буруу зарыл.
 
Жалпак тамандуулукту бала кезинде алдын алуу жана дарылоо жеңил. Анын белгилери билинер замат врач-ортопедге кайрылуу керек. Баланын жашына, жалпак тамандуулуктун өсүшүнө жана түрүнө жараша врач атайын гимнастика дайындайт, бала аны үйдө ата-энесинин көзөмөлү менен жасоо керек. Мындай машыгууларды буттун булчуңдарын жана байламталарын чыңдай турган көнүгүүлөр менен айкалыштыруу пайдалуу. Ошондой эле күн сайын бутка жылуу (35—36°) ванна жана массаж (сылап-сыйпоо, укалоо жана сүрткүлөө) сунуш кылынат. Көбүнчө балтыр менен таманды массаждоо керек. Балтырга кызыл ашыктан тизени, таманга манжалардан согончокту көздөй массаж жасалат.
16-сап:
 
 
== Колдонулган адабияттар ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория: Ден-соолук]]
[[Категория: Тамандар]]
[[Категория: Медицина]]
 
 
[[ar:قدم مسطحة]]
Line 29 ⟶ 28:
[[en:Flat feet]]
[[es:Pie plano]]
[[et:Lampjalgsus]]
[[fa:صافی کف پا]]
[[fi:Lättäjalka]]