Кардиология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
2-сап:
[[File:Heart-and-lungs.jpg|right|thumb|250px|Өзүнө жүрөктү, өпкөнү жана кан тамырларын камтыган дене мүчөлөр бөлүгү.]]
 
'''Кардиология''' (грекче καρδία — «жүрөк» жана λογος — «иликтөө») — медицинадагы кишинин [[жүрөк]] жана [[Кан-тамырлар|кан тамырлар]] системасын иликтөөгө арналган атайын тармак.
Бул тармак жүрөктүн жана кан тамырларынын илдеттеринин алдын алуунун жана аларды айыктыруу усулдарын да ишт еп чыгат.
 
13-сап:
Байыркы египеттик папирустарга жазылган иероглифтик жазмаларда (маселен, б.з.ч. 17-кылымдан калган Эберс папирусунда) ар кандай дарыгер, ар кандай диниятчы тигил же бул кишинин башына, аркасына, колуна, алаканына, бутуна жана башка дене мүчөлөрүнө кол тийгизгенде анын жүрөгүнө кол тийгизгендей болот, себеби жүрөктүн дененин ар бир мүчөсүнө кан тамыры жетип турат, - деп айтылган.
 
Ал эми грек дарыгери [[Гиппократ]] болсо (б.з.ч. 5-кылым) жүрөктү дененин булчуңдуу органы катары алгачкы жолу таамай мүнөздөгөн.
 
Байыркы римдик дарыгер Гален (б.з. 2-кылым) жүрөктүн иштөө тартибин сыпаттаган. Бирок ал кан айлантуу системасынын чордону катары жүрөктү эмес, боорду көрсөткөн. Бул жаңылыш пикир Европадагы илимде 17-кылымга чейин үстөмдүк кылган. Анын калпыстыгын Гарвей деген илимпоз далилдеген.
39-сап:
== Жүрөктүн ишемия оорусу ==
 
'''Жүрөктүн [[ишемия]] оорусу''' — [[Жүрөк - кан тамыр системасы|жүрөк-кан тамыр системасы]]нын көп тарашын оорусу; негизинен жүрөктүн таажы сымал [[Артериялар|артериялар]]ынын [[Атеросклероз|атеросклероз]]унун натыйжасында жүрөк булчуңдарын кан менен камсыз кылуу начарлагандан болот.
 
«Жүрөктүн ишемия оорусу» түшүнүгүнө катуу кармаган оорулар (стенокардия, миокарддын инфаркты), ошондой эле өнөкөт оорулар (кардиосклероз — жүрөктүн булчуң тканынын жабыркашы) кирет. Мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын [[Атеросклероз|атеросклероз]]унан улам болгондуктан, кардиосклероздун бул түрү атеросклероздук деп аталат. Ал айрым учурда жүрөк ишинин начарлашы жана согуу ыргагынын бузулушу менен коштолот.
51-сап:
Жүрөк ишемия оорусунун алдын алуучу негизги чара — көп кыймылдоо. Акыл эмгеги менен иштегендер физкультура ойноп, сейилдөөгө, кара жумуштарды жасоого тийиш. Дем алыш күндөрдө жана отпуск мезгилинде шаардын сыртына чыгуу, туристтик жүрүштөргө катышуу, лыжа тебүү жана башка сунуш кылынат.
 
[[Гипертония оорусу|Гипертония оорусун]], [[Кант диабети|кант диабетин]] өз убагында жана системалуу түрдө дарылоо Жүрөктүн ишемия оорусуун кечирээк болушуна шарт түзөт. [[Адистик]]ти жөндөмүнө ылайык тандоо, эмгекти туура уюштуруу айланасындагы адамдарга сылык, адептүү мамиле жасоого жана сабырдуулукка тарбиялоо да жүрөктүн ишемия оорусунун алдын алуу чараларына жатат.
 
== Кыргыз кардиология илими ==
57-сап:
Кыргызстанда кардиология илими заманбап деңгээлге совет доорунда, тактап айтканда, 1950-жылдардан тартып чыккан.
 
1957-жылы кыргыз кардиологу [[Иса Ахунбаев]] Борбордук Азияда алгачкы жолу Бишкекте жүрөккө ийгиликтүү операция жасаган.
 
Анын шакирттери Кыргызстанда кардиохирургия тармагын андан ары өнүктүрүшкөн.