Сарказм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м робот кошту: eu:Sarkasmo
No edit summary
1-сап:
'''Сарказм''' ([[Грек тили|гр]]. Sarkasmos – кыйноо, көңүлүн калтыруу) – [[сатира|сатиралык]] чыгармаларда ар кыл көрүнүштөрдү же адамдарды [[Автор|автордун]] же каармандардын өтө заардуу тил менен [[шылдың|шылдыңга]] алышы. Сатирик акын [[Мидин Алыбаев]] кошоматчылардын терс жактарын таамай көрсөтүү үчүн сарказмды пайдаланат:
 
Бирөө бар: Кошомат үчүн жанын элеп-желеп,
6-сап:
Өз баласынын оюнчугун –
“начальниктин” баласына жулуп берет.
(М. Алыбаев)<br />
== "Манас" эпосундагы сарказм ==
Сарказм (кыйноо, чымчып алгандай жанын ачытуу, кейитүү мааниде) — куйкумдуу, ачуу сөөктөн өтүп, чучукка жеткен күйдүргү шылдың сөздөр менен адамдын ачуусуна тийүү. Сарказмда шылдың кылган нерсеге адегенде оң маани берилип, анан терс кылык-жоруктарын атайын апыртып, какшык аркылуу ашкерелегени менен айырмаланат. Мисалы, [[Күлчоро]] [[Айчүрөк|Айчүрөктүн]] кыздары менен оюн куруп, [[Семетей|Семетейге]] кайрылып кабар бербей жатып алганда «Тезек терген кыз болсо Теңтуш болуп аласың, Куурай терген кыз болсо курдаш болуп аласың” — деп [[Семетей]] кан кызы [[Айчүрөк|Айчүрөктү]] жана анын жөкөрлөрүн күңдөргө теңеп күйдүргү сөз менен Күлчорого ачууланат. [[Айчүрөк]] да ага жараша жооп айтат:
:Чынкожо аттуу жээним бар,
:Толтой аттуу эрим бар,
:Жолоочуну тоскудай
:Кандай менин эбим бар.<br />
Эпосто [[Манас баатыр|Манастын]] өзүнө да жан ачыткан, ачуу чучукка жеткен, сөөйтөн өткөн сөздөр менен:
:Манас,[[Манас баатыр| Манас ]] деп койсо
:Барбайып калат экенсиң
:Үйлөп койгон чаначтай
:Дардайып калат экенсиң
:Эрдигиң бар, эсиң жок
:Эчтеме менен ишиң жок..., — деп кээде кырк чоро да [[Манас баатыр|Манастын]] өзүн мазакташат.
Бул сарказм ыкмасынын каражаты өзүнүн зарылдыгы, дүрмөттүүлүгү менен күчтүү.
 
== Колдонулган адабияттар ==
"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Сарказм" булагынан алынды