Google: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |
||
3-сап:
'''Google''' - ири издөө системасы, [[Google (компания)|Google Inc]] компаниясына таандык. Популярдуулугу боюнча биринчи орунда (79,65 %[5]), айына 41 млрд 345 млн сурамды иштеп чыгат (базардагы үлүшү 62,4 %) жана 25 миллиард веб-барачаны индекстейт. Маалыматтарды дүйнөнүн 191 тилинде табууга жөндөмдүү (2009-жылдын 15 октябрь айынан бери ).
Ал [[дүйнөлүк жөргөмүш желеси]] (World Wide Web) боюнча эң көп колдонулган эсептөө системасы, [[PDF]], [[RTF]], [[PostScript]], [[Microsoft Word]], [[Microsoft Excel]], [[Microsoft PowerPoint]] жана башка документ калыптарынан издөөнү колдойт. Google да издөөдө башка издөө системаларынан өзгөчөлөнүп, негизинен веб-барактардагы текстти илип алууга басым жасалат.
== Жаралуу тарыхы ==
Google издөө системасы алгач Стэнфорд университетинде [[Ларри Пейдж]] жана [[Сергей Брин]] тарабынан окуу долбоору катары түзүлгөн болчу. Алар 1996-жылы [[BackRub]] издөө системасынын үстүндө иштешет, ошондон көп өтпөй 1998-жылы анын негизинде жаңы Google издөө системасын түзүшкөн.
Корпорация 1998-жылы 2-сентябрда негизделген болсо да, Google.com домени 1997-жылы 15-сентябрда эле каттоодон өткөн.
|