Обзор: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
Обзор, (ор.— карап чыгуу, көздөн кечирүү) — адабият таанууда бир улуттун адабиятыиын белгилүү бир мезгил ичиндеги, же конкреттүү бир жазуучунун, же газета-журналдардын материалдарын жалпылаштырып жазган макалалар.

Бир мезгилдин адабияты тууралуу обзор берилсе, ошол мезгилде чыгармачылык активдүүлүкто болгон жазуучулардын башкы тематикасы, башка мезгилден айырмалап турган негизги [[Тенденция|тенденциялары]], ал мезгилдеги адабий процесстин мүнөздүү ийгиликтери жана кемчиликтери жөнүндө жалпылаштырылган кеп болот. Эгерде бир жазуучунун же акындын чыгармачылыгына арналган болсо, ошол жазуучу же акындын чыгармачылыгынын негизги баскычтары, ар бир баскычынын өзүнө таандык артыкчылыктары, художниктин жетилүү даражасы, анын негизги булактары жалпылаштырылып көрсөтүлөт. Ошондой эле обзорлор кайсыл бир тематиканын белгилүү бир мезгилдеги өнүгүшү жөнүндө да жазылат. Мисалы: «Азыркы кыргыз драматургиясы», «Улуу Ата мекендик согуш мезгилиндеги кыргыз поэзиясы» ж. б. Айрым бир газета-журналдардын материалдары боюнча мезгилдик обзорлор да жазылат. Мисалы, «1984-жылы «Ала-Тоо» журналына жарыялантан сын макалаларга обзор» ж. б.
 
Булак: http://kyrgyzinfo.ru
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Обзор" булагынан алынды