Эпизод: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Эпизод (грек- башка, тиешесиз) – сюжеттүү чыгармалардагы өзүнчө бир башталышы жана аякталышы..."
 
No edit summary
1-сап:
Эпизод ([[Грек тили|грек]]- башка, тиешесиз) – [[сюжет]]түү чыгармалардагы өзүнчө бир башталышы жана аякталышы бар, ошол эле кезде башка окуялар менен биригип сюжетти түзгөн майда бөлүкчө, чыгармадагы бир учур (момент). Мис., “[[Ак кем]]е” [[повест]]инде машина -дүкөндүн келиш эпизоду, марал атуу эпизоду жана башка. Чыгармада негизги жана жардамчы эпизоддор болот.<br />
Эпизоддордун көптүгү, жыштыгы боюнча [[«Манас» эпосу|«Манас»]] дүйнөлүк көркөм маданиятта уникалдуу көрүнүш. Э-дордун арбындыгы чыгарманын көлөмдүүлүгү менен гана аныкталбайт, биринчи кезекте окуя-кырдаалдардын алмашуусу, биримдиги, байланышы зарыл. Э. негизинен жардамчы жана негизги Э-го ажырымдалат. Мисалы, «Чоң казат» бөлүмү [[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаковдун]] варианты боюнча «Жети кан куралып, [[Манас баатыр|Манаска]] кылмак болуп кеңешкени», «Элчилердин [[Манас баатыр|Манаска]] барып учураганы» деген сыяктуу негизги Э-дордон турат да, алардын ичинде да майда, жардамчы Э-дор болот. Манасчылар эл арасына чыгып, «Манас» айтканда мына ушундай негизги Э-дорду айтып, баштап, аны соңуна жеткире айтышкан.
==Адабият==
* Ж.Шериев. А.Муратов. Адабият. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. / Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. –Бишкек, 2004. –ISBN 5-89750-084-3
* "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
[[Категория: "Манас" эпосу]]
[[Category: Адабият]]
[[Category: Тумар-2011]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Эпизод" булагынан алынды