Difference between revisions of "Тукум куугучтук"

no edit summary
м (r2.7.2+) (робот өзгөрттү: ar:توريث)
[[Файл:Тукум1.jpg|thumb|400px|Тукум куума түзмөгү]]
'''Тукум куугучтук''' ([[Англис тили|англ]]. heritability) — бардык [[Организм|организмдердин]] дене түзүлүш, жеке өөрчүү, зат алмашуу өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле ден соолугунун абалын жана көпчүлүк ооруларга жакындыгын укумдан-тукумга берүүчү касиети.

Укумдан-тукумга организмдин кадимки (соо) белгилери гана берилбестен, өзгөрүлгөн абалы да берилиши мүмкүн. Кишинин ден соолугу жана түрдүү ооруларга жакындыгы көп учурда тукум куугучтук менен байланыштуу.

== Ген ==
Клеткалардагы хромосомалардын санынын өзгөрүшү организмдин касиеттерине чоң таасир этет. Кишиде айрым хромосомалардын саны жетпесе же ашык болсо, тукум куума ооруларга алып келет. Жеке касиеттер көптөгөн гендердин өз ара аракетинин натыйжасында калыптанат. Организм өөрчүгөндө бир гендин таасирин башкасы басаңдатат же бир нече гендин биргелешип катышуусунан тукум куума белги келип чыгат.

Белгилердин укумдан тукумга берилишинин закон ченемин түшүнүүдө гендердин бир гомологиялык хромосомадан экинчисине өтүшүн табуу чоң мааниге ээ болду. Аны Т. Морган биринчи жолу изилдеп, жетилген жыныс клеткаларындагы гомологиялык хромосомалар бир-бирине абдан жакындап (конъюгация болуп) кайчылашат. Андан кийин хромосомалар ажырайт да, бөлүнүү процессинде — мейоздо ар башка клеткаларга кетет. Ошентип, ар бир хромосома конъюгация менен кайчылашуудан кийин анча-мынча жаңырып, ал өзүнө башка хромосоманын тукум куума материалынын бир бөлүгүн топтойт. Натыйжада түрдүү жетилген жыныс клеткалардын генетикалык жактан сапаты ар түрдүү болуп калат. Гендердин активдүүлүгүндө индивидуумдун жашоо шарты чоң мааниге ээ. Айлана-чөйрөнүн факторлору жеке организмдин генетикалык программасынын ишке ашуусуна чоң таасир тийгизет.
== Формуласы ==
Тукум куугучтук деңгээлин тукум куума коэффициентинин жардамы менен сан жагынан аныкташат, h2 символу менен белгиленет. Байкоо жүргүзүлгөн жалпы өзгөргүчтүктүн кайсы бөлүгү генотиптик өзгөргүчтүк менен аныкталаарынын бирдиги % менен көрсөтүлөт о. эле төмөнкү формула менен эсептеп чыгарылат:

[[Файл:Формула.jpg|thumb|500px|]]

Тукум куугучтуктун төмөнкү коэффициентин организмдердин [[Биология|биологиялык]] ыңгайлануусун шарттоочу белгилер (төрөлгөндөгү салм. тукумдуулугу ж. б.) үчүн алышат. Бирок берилген белгилер генотип тарабынан аз даражада жөнгө салынат дегендикке жатпайт. Биол. маанилүү белгилер табигый тандоо тарабынан абдан катуу көзөмөлгө коюлган жана популяциядагы особдордун генотиптик ар түрдүүлүгүнүн азайышына алып келет. Гетерозиготалуу жана гомозиготалуу организмдердин топтору үчүн тукум кубалоо коэффициенти нөлгө барабар. Белгилердин тукум куугучтук коэффициентин аныктоо селекцияда микроорганизм жана өсүмдүктөр сортторун жаныбардын породаларын жакшыртуу үчүн тандоонун ыкмаларын ылгоодо (h2 жогорку маанилеринде массалык тандоо натыйжалуу) тандоонун потенциалдык натыйжалуулугун аныктоодо (канчалык h2 жогору болсо, тандоо ошончолук натыйжалуу) зарыл.
== Негизи ==
Тукум куугучтуктун материалдык негизи — дезоксирибонуклеин кислотасынын ([[Дезоксирибонуклеин кислотасы|ДНК]]) молекуласы экендиги аныкталган. ДНКнын молекуласы хромосоманын составына кирет, ошондой эле клетканын кээ бир органоиддеринде (митохондрия, пластидалар жана башкалар) да болот.
=== Аутосомалардагы жайгашкан ген ===
Аутосомалардагы жайгашкан гендердин белгилери башкача берилет. Эгерде белги доминанттуу генде болсо уруктанууда энесинин же атасынын кайсы болбосун хромосомасы түйүлдүк клеткасына өтсө, ал өөрчүп келе жаткан организмдин бүткүл клеткасында өсөт. Эгерде ал оорулуу ген болсо, аның белгиси кыз менен эркек балдарга берилет. Бул учурда оорулуу кыз жана эркек балдардын саны бирдей болот. Никелешкендердин ичинде бирөөндө оорулуу аутосомалык -доминанттуу ген болсо, алардын балдарынын 50% тукум куума ооруга дуушарланат. Аутосомалык-рецессивдүү жол менен зат алмашуунун оор бузулуулары, нерв системасынын оорулары, кан оорулары жана башкалар тукум кууйт. Тукум куугучтуктун белгилери организмдин жеке өөрчүшүнүн бардык мезгилинде пайда болот. Тукум куума оорулардын көбү бала кезде эле эмес, кийин да кезигет. Мисалы, диабеттин тукум куума түрлөрүнүн кээ бири, нерв системасынын айрым оор түрү 30—40 жашта кездешет, башкача айтканда оорулуу генди алып жүрүүчүлөр өзүнүн кемтигин билбей эле никелешип, оорулуу тукум берет. Ошондуктан оорулуу генди алып жүрүүчүнү эрте табуучу изилдөөлөрдү күчөтүү өтө маанилүү. Цитоплазманын органеллаларындагы (мисалы, митохондриялар) генетикалык материалдын таасиринен келип чыгуучу Тукум куугучтук мааниге ээ. Цитоплазмалык гендер (плазмогендер) негизинен энеден тукум кууйт, себеби сперматозоиддердин цитоплазмасы өтө аз болгондуктан анда плазмоген аз болот.

== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
2,419

edits