Тукум куугучтук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
23-сап:
=== Аутосомалардагы жайгашкан ген ===
Аутосомалардагы жайгашкан гендердин белгилери башкача берилет. Эгерде белги доминанттуу генде болсо уруктанууда энесинин же атасынын кайсы болбосун хромосомасы түйүлдүк клеткасына өтсө, ал өөрчүп келе жаткан организмдин бүткүл клеткасында өсөт. Эгерде ал оорулуу ген болсо, аның белгиси кыз менен эркек балдарга берилет. Бул учурда оорулуу кыз жана эркек балдардын саны бирдей болот. Никелешкендердин ичинде бирөөндө оорулуу аутосомалык -доминанттуу ген болсо, алардын балдарынын 50% тукум куума ооруга дуушарланат. Аутосомалык-рецессивдүү жол менен зат алмашуунун оор бузулуулары, нерв системасынын оорулары, кан оорулары жана башкалар тукум кууйт. Тукум куугучтуктун белгилери организмдин жеке өөрчүшүнүн бардык мезгилинде пайда болот. Тукум куума оорулардын көбү бала кезде эле эмес, кийин да кезигет. Мисалы, диабеттин тукум куума түрлөрүнүн кээ бири, нерв системасынын айрым оор түрү 30—40 жашта кездешет, башкача айтканда оорулуу генди алып жүрүүчүлөр өзүнүн кемтигин билбей эле никелешип, оорулуу тукум берет. Ошондуктан оорулуу генди алып жүрүүчүнү эрте табуучу изилдөөлөрдү күчөтүү өтө маанилүү. Цитоплазманын органеллаларындагы (мисалы, митохондриялар) генетикалык материалдын таасиринен келип чыгуучу Тукум куугучтук мааниге ээ. Цитоплазмалык гендер (плазмогендер) негизинен энеден тукум кууйт, себеби сперматозоиддердин цитоплазмасы өтө аз болгондуктан анда плазмоген аз болот.
== Тукум куугучтуктун хромосомалык теориясы ==
[[Америка]] цитологу У.Сеттон жана немецтин цитологу, эмбриологу Т.Бовери бул теорияга алгачкы негиз салуучулар эсептелет. Бул окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн натыйжасында ген менен хромосомалардан бирдей жүрүшүн байкашкан. Мына ошол изилдөөлөр алгачкы учурда тукум куугучтуктун хромосомалык божомолун, анан бир топ жыл кийинчирээк тукум куугучтуктун аралашмалык теориясын түзүүгө негиз болгон.
XX к-дын башында 1911-ж. американын биологу Т.Морган аныктаган. Азыркы учурда бул окумуштуу киргизген тукум куугучтуктун бул теория биринчи жолу тажырыйбалык иш жүзүндө хромосомалык теориясы, бардык биологдор аркылуу кабыл алынган. Бул теориянын кыскача маанисин төмөндөгүдөй: <br />
1)Гендер хромосомаларпда жайгашкан, ар бир хромосомадагы гендер бири-бири менен чиркелишкен, ар бир түрдүн хромосомалардагы чиркешкен гендердин тобу алардын гаплоиддик хромосомаларынын санына барабар.<br />
2)Хромосомада ар бир гендин өзүнө тиешелүү орду бар, андагы гендер ирети менен окшош (гомологиялык) хромосомаларга жайгашкан, аллелдик гендер бири-бири менен алмашуусу (кроссинговер) мүмкүн, хромосомадагы гендердин аралыгы канчалык алысыраак болсо, анда ген бөлүктөрүнүн алмашуусу же болбосо кроссинговер кубулушу жогору болот;<br />
3)Хромосомада гендердин бири бири менен чиркешүүсүндө дайыма тукум куугучтуктун касиети берилет.
 
== Колдонулган адабият ==