Көк-Дөбө тоосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Көкдөбө, тоо – Тескей Алатоонун түн. тармагы. Түргөнаксуу жана Бозучук сууларынын аралыгында ..."
 
м Робот: Автоматизированная замена текста (-Ысыккөл +Ысык-Көл & -Алатоо +Ала-Тоо & -Теңиртоо +Теңир-Тоо)
1-сап:
Көкдөбө, тоо – Тескей АлатоонунАла-Тоонун түн. тармагы. Түргөнаксуу жана Бозучук сууларынын аралыгында түштүктөн түндүктү карай 21–23 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр аз кездешет; капталдары тик, майда коктуколоттуу. Орт. бийикт. 3300–3800 м, эң бийик жери 4036 м. Палеозойдун башталышында пайда болгон гранит, гранитдиорит, диорит интрузия тектеринен турат.
 
Шалбаалуу талаа (2200–2300 м бийиктикке чейин), бийик чөптүү шалбаалуу токой (2300–3000 м), субальп жана альп шалбаалуу талаа (3000–3600 м), андан жогору субнивалдык суук чөл жана гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; токой чарбалары бар.