Көкчөтоо тоосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Көкчөтоо, тоо – Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Сумбула суусунун чыгышында, Исфана өрөөнү..."
 
м Робот: Автоматизированная замена текста (-Ысыккөл +Ысык-Көл & -Алатоо +Ала-Тоо & -Теңиртоо +Теңир-Тоо)
1-сап:
Көкчөтоо, тоо – Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Сумбула суусунун чыгышында, Исфана өрөөнүнүн түштүгүндө кеңдик багытта 21 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км. Орт. бийикт. 2200–2400 м, эң бийик жери 2583 м. Жону тайпак, капталдары аскалуу; кокту-колоттуу, жарлары бар. Девон, карбон жана силурдун кумдук, алевролит, сланец жана конгломерат тектеринен турат. Көмүрдүн кени бар. Жарым чөл, кургак талаа жана талаа ландшафттары мүнөздүү; арча токою кездешет.
 
Чарбачылыкта чөп чабынды, жайыт катары пайдаланылат. КӨӨЛҮ КЫРКА , тоо Борб. ТеңиртоодоТеңир-Тоодо. Түндүгүнөн Көөлү, чыгышынан Сарыжаз, түштүгүнөн жана түш.-батышынан Үчкөл, Сарычат өрөөндөрү менен чектешип, түн.-батышынан чыгышка карай 52 кмге созулат. Туурасы 21 км, орт. бийикт. 4600 м, эң бийик чокусу 5281 м (Конституция). Протерозойдун гранит, гранит-диорит, гнейс, мрамор, сланец, кембрийдин филлит, кумдук, силурдун акиташ теги, девондун андезит, порфирит, доломит, пермдин жегичтүү гранит, сиенит, габроиддери кездешет. Тоо–миздүү кырлар, тик беттер, тегизделген байыркы жондор мүнөздүү болгон мегантиклинорий. К. к. т-ндагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 216,2 км2 . Кар чеги 4000–4200 м. Нивалдык-гляциалдык, альп, түштүктү караган беттерде шалбаалуу талаа, субальп ландшафттары кездешет.
 
== Колдонулган адабияттар ==