Абдар-Рашид, хан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м Robot: Orphan page, add template
1-сап:
{{Orphan|date=Октябрь (Тогуздун айы) 2012}}
'''Абдар-Рашид Хан''', Абдурашидхан – 1533–1560 жылдары Моголстанды бийлеген хан. Султан Саид хандын уулу. Атасынын көзү барында ал Мухаммед-Кыргыз менен Борбордук [[Теңиртоо]]ну бийлеген. Алар Моголстан биримдигин калыбына келтирүү максатында, [[Моголстан]]дын эң алыскы жерлерине чейин барып, чачыранды кыргыз ордолорун чогултушкан. Абдар-Рашид хан калмактарга каршы жеңиштүү жүрүш жасап, [[«Гази»]] (башкача айтканда капырларга каршы) атка конгон. Атасынын өлүмүнөн кийин (1533) тактыга отуруп, кыска убакытка [[Жети-Суу|Жети-Сууда]] моголдордун бийлиги орногон. Кыргыз жана казактарга каршы күрөшүү үчүн өзбек [[шейбанид|шейбаниддери]] менен бирлик түзгөн. Өзбек шейбаниддерин казактардын кол салуулары тынчсыздандырып турган. 1537-жылы Абдар-Рашид хан казак-кыргыз биргелешкен күчүн кыйроого учураткан. Ага карабастан казактар [[Ташкен|Ташкенге]], кыргыздар [[Кашкар|Кашкарга]] коркунуч туудурган.