Агронулоцитоз: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м Robot: Orphan page, add template
1-сап:
{{Orphan|date=Октябрь (Тогуздун айы) 2012}}
'''Агронулоцитоз''' - кандын составындагы нейтрофиль ак кан денечелеринин өтө азайышынан же таптакыр жоктугунан болуучу кан оорусу. А-дун пайда болушуна түрдүү жугуштуу оорулар, авитаминоздор, кан пайда кылуучу системалардын оорусу, чучукка хим. заттардын таасири, иондоштуруучу нурлануу, ошондой эле кээ бир дарыларды (амидопирин, сульфаниламид, антибиотик ж. б.) көп пайдалануу себеп болот. Мындай учурларда организмде ак кан денечелерине каршы антитело пайда болуп, аллергиялык реакция жүрөт. Сөөк чучуктарында ак кан денечелеринин пайда болушу бузулат. А-дун катуу кармаган, өнөкөт жана мезгили менен болуучу түрлөрү бар. Катуу кармаган түрүндө оорулуу өзүн начар сезип, денеси ысып, эринге учук чыгат. Бул учурда А-ду лейкоз оорусу менен алмаштырып, жаңылыш аныкталуусу ыктымал. Ооруну дарылоодОшондой эң негизги милдет — аны пайда кылуучу факторлорду жок кылып, азайып кеткен ак кан денечелерин толуктоОшондой Оорунун катуу түрүндө гормон дарылары пайдаланылат, А-ду туура аныктап, өз убагында дарылоодон толук айыктырууга болот.