Google (компания): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м робот кошту: ckb:گووگڵ
46-сап:
 
[39]
"Google" 1996 ж. [[Ларри Пейж|Ларри Пейждин]] жана [[Сергей Брин|Сергей Бриндин]] Калифорниядагы [[Стэнфорд Университети|Стэнфорд университетеинде]] (PhD) философия доктору (биздин илимдин кандидатына тете) даражасын жактоодогу изилдөө долбоору катары пайда болгон.
Ал учурда издөө машинелери колдонушкан ыкмалар табылгаларды иреттеп көрсөтүүдө изделген сөз конушта канча жолу кайталана тургандыгын эсепке алган. Брин менен Пейж издөө табылгаларын кандайча жакшыртуу тууралуу изденүүнүн натыйжасында конуштардын өз ара байланыштарын талдоого алган системаны сунушташкан. Бул жаңы технология {}[[PageRank{/}]] деп аталган. Анын негизги маңызы - желеконуштун маанилүүлүгү ага шилтеме берген башка желеконуштардын санынын жана алардын салмагынын (маанилүүлүгү) ортосунан келип чыккан байланыш катары эсептеши.
1996 ж. ушундай эле стратегияны колдонгон "RankDex" деп аталаган кичинекей издөө машинеси "IDD Information Services" компаниясынан Робин Ли иштеп чыгып, желеконуштарды эсептөөдө жана рейтинг берүүдө колдонула баштаган болчу. "RankDex" технологиясы кийин Р. Ли тарабынан патенттелип жана Кытайда {}[[Baidu{/}]] кызматын негиздөө үчүн колдонулган.
 
Л. Пейж менен С. Брин алгач жаңы издөө машинесин конуштун маанилүүлүгүн эсептөөдө кайтарым байланыштарды эсептегендиктен "BackRub" (сөзмө сөз которулушу: "арканы ушалоо") деп аташкан.
 
Кийин атын "Google" деп өзгөртүшөт, бул {}'''googol{/}''' сөзүнүн ката жазылышынан келип чыккан, бир санынан кийин катары менен жазылуучу жүз нөлдү түшүндүрөт (10 жүзүнчү даражасында) жана издөө машинеси колдонуучулардын эбегейсиз көп маалымат менен камсыз кылууну көздөйт дегенди билдирет. Google иш жүзүндө Стэнфорд университетинин вебсайтынын алдындагы домен катары {}<ref>google.stanford.edu{</}ref> дарегинде иштеген.
 
Google үчүн домен 1997 ж. Аяк Оонасынын 15 катталган жана компания 1998 ж. 4 Аяк Оонасында негизделген жана досу Сузан Вожискинин машине сарайында, Менло Парк, Калифорнияда жайгашкан. Стенфорд боюнча курсташы Крейг Силверстайн жумушка алынган биринчи кызматкер болгон.
 
2011 ж. Бугусунда алгачкы жолу конушка кирген уникалдуу колдонуучулардын саны 1 миллиардан ашкан жана 2010 ж. Бугусундагы көрсөткүчтөрдөн (931 миллион) 8.4% өскөн.
 
</refernces>
 
== Финансы жана алгачкы ачык сунуштоо (IPO) ==