Гольбах, Поль Анри: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: изменение Категория:Персоналия на Категория:Инсандар
14-сап:
Өзүнүн зарылдык концепциясына негизденип, Гольбах, адамдын ишмердиги катуу зарылдыкка баш иет, ошондуктан эрк эркиндигин жок деп эсептейт. «Адам өз өмүрүндө бир мүнөт да эркин боло албайт». «Жашоо дегенибиз — ишмердиктин бири-бирин зарыл түрдө алмаштырып туруучу учурларынын мезгилинде зарыл түрдө жашап туруу дегендик болот». «Биздин өмүрүбүз — жаратылыштын буйругу менен биз жер шарынын үстүнө, андан көз ирмемге да ажырабастан туруп, сыза турган чийим». Гольбахтын ушундай механикалык-детерминисттик мамилеси анын: адам — бул социалдык жан жана ал өзүндө өзүнө мүнөздүү болгон себептерди камтып тургандыктан эркин деп таанылууга тийиш экиндигин моюнга алуусу менен айкалышып турат.<br />
[[File:D'Holbach.jpg|thumb|right|''Гольбах'', [[1766]]]]
 
== Гольбах адам тууралуу ==
Адамдын ишмердиги, дейт Гольбах, ички орган менен — тышкы дүйнөнүн предметтеринен таасир алып турган мээ менен башкарылат. Адамдын эрки болсо мээнин модификациясы катарында көрүнөт. Гольбах адамдын эркин ар кыл талдайт. Адегенде ал эрк нагыз биологиялык факторлор менен аныкталат деген пикирде болгон. Ал, «фанатиктин өтүндөгү ашыкча уу, басып алуучунун жүрөгүндөгү кандын оргуштаган ысык деми, кайсы бир монархтын тамак-ашты жакшы сиңире албагандыгы» социалдык катаклизмаларды пайда кылышы мүмкүн деп жазган. Бирок андан ары ал эрктин аракетинин алда канча олуттуу себептери бар деген көз карашты өнүктүрүп, ой-пикир — адамдардын жүрүм-турумунун өтө күчтүү себептери болорун моюнга ала баштайт. Ал мындай деп жазат: «улуу падышанын жүрөгүн толкундаткан (көңүлүн эргиткен) жакшы китеп бүткүл бир элдин жүрүм-турумуна зарылдык менен таасир бере ала турган эң кубаттуу себеп боло алат» [Танд. чыгарм. 1-т. 235-6.]. Бул жерде ал фатализм системасына, өз окуусунун пайдубалына каршы чыгат. «Тагдырга баш ийели» деген фаталдык чакырыкка карама-каршы, Гольбах жаратылыш биз үчүн даярдаган кырсыктарга каршы турууга чакырат.<br />