Google (компания): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
90-сап:
2010 ж. "Google Energy" өзүнүн кайра калыбына келүүчү кубатты өндүрүү боюнча биринчи долбоорун каржылап баштап Түндүк Дакоттадагы эки шамал электр станциясын курууга $38.8 миллион салган. Компания бул эки өндүргүч 169.5 мегаватт же 55000 үй-чарбасын электр кубаттуулук камсыздай ала тургандыгын билдирген. "NextEra Energy Resources" тарабынан курулган бул өндүргүчтөр аймактагы казып алынуучу отундун керектөөсүн кыскартат жана олжо кайтарат. "NextEra Energy Resources" долбоордун өнүгүүсүн каржылоо максатында Google-га анын жыйырма пайызын сатат. 2010 ж. ошондой эле Норвегияда жайгашкан, желеге жердиктелген телеконференция уюштууру кызматын көрсөткөн "Global IP Solutions" компаниясын сатып алат. Бул сатып алуу Google үчүн телефон кызматтарын өз кызматтарына кошконго мүмкүнчүлүк түзөт.
 
2010 – ж. Бугусунда Google "AdMob" аттуу мобилдик жарнак тармагынтуйунун сатып алгандыгы жонундо айтты. Бул сатып алуу андан бир нече кун мурун Федералдык Соода – сатык Комиссиясы аркылуу изилденип буткон эле [99]. "AdMob" Google компаниясына кандай баада сатылганы жашыруун боюнча калган[100]. Ошол эле жылдын Текесинде Google Айовалык шамал фермасы менен 114 мегаваттык энергияны сатып алуу боюнча 20 жылдык келишимге кол койгон[101].
 
2011 – ж. Чын куранында "The Globe and Mail" компаниясы Google “Nortel Networks” компаниясынын 6000 патентин 900 миллион АКШ долларына сатып алууну сунуш кылгандыгын маалымдады [102].
 
2011 – ж. Баш оонасында Google "Motorola Mobility" компаниясын 12,5 миллиард [103][104] АКШ долларына сатып алаары жонундо айтты, бирок бул келишим Америкалык жана Европалык туруктуулукту камсыздоо кызматтарынын макулдугу менен гана ишке ашат эле. Google блоггунда компаниянын башкы директорунун орун басары жана негиздоочусунун бири Ларри Пейдж "Motorola Mobility" компаниясын сатып алуу Google учун патентик портфолиосун чындоо учун стратегиялык журуш экендигин ачыкка чыгарды. Компаниянын Android оперативдик системасы бутун идустрияны камтыган патент согушунда жаны от болуп чыкты; бул создорду Apple жана Microsoft HTC, Samsung жана Motorola сыяктуу Android системасын колдонгон компанияларды сотко бергендиги тастыктап турат [105]. 2012 – жылдын Бугусунда Кытай Эл Республикасынын макулдугунан кийин Google "Motorola Mobility" компниясын сатып алууну ишке ашырды [106]. Бир четинен бул келишимдин жыйынтыгында Motorola нын бир далай маанилуу патенттери Google компаниясына "Apple" жана "Microsoft" [105] ж.б. компаниялар менен болгон тирмешуудо [107] жардам берди жана Android системасын эркин колдонууга мумкунчулук тузду [108]. Бул патенттер чонток телефондору жана откоргучсуз иштоочу технологиялар менен иштоо учун берилген эле. Коомдук сетьтуйун кызматтарын кенейтуу учун, Google "Meebo" медиа – платформасынан баштап "Silicon Valley" аймагын сатып алууну пландаштырып жатат [109].
 
Ал эми 2012 – жылдын Кулжасында Google "Quickoffice" компаниясын сатып алган. Бул компания iOS жана Android оперативдик системаларына ылайыкташтырылган мобилдик продукттук комплекти менен кенен таанымал. Google "Quickoffice" компаниясынын технологиясын озунун продукттук комплекти менен кошо иштетууну пландаштырууда [110].
 
== Шилтемелер ==