Google (компания): нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
84-сап:
Көптөгөн компанияларды сатып алуудан сырткары Google баардык тармактарда көптөгөн уюмдар менен издөөдөн тартып жарнамага чейин кызматташууларды түзгөн. 2005 ж. Google "NASA", "Ames Research Center" менен кеңсе куруу боюнча шериктештик түзгөн. Бул кеңселер ири көлөмдөгү маалыматты башкаруу, нанотехнологиялар, бириндетип эсептөө (булут компютинг) жана космостогу ишкерчилик боюнча изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга дайындалган. 2005 ж. Тогуздун айында Google Sun Microsystems менен өз ара технологияларды бөлүшүү жана аларды жайылтууга көмөктөшүү боюнча шериктештик түзөт. Компания ошондой эле AOL жанаTime Warner менен өз ара видео издөө кызматтарын өркүндөтүү боюнча бириккен кызматташууга катышат. 2005 ж. Google Microsoft, Nokia, жана Ericsson компаниялары менен шериктештикте атайын мобилдүү шаймандар үчүн түзүлгөн ".mobi" атылышындагы жогорку деңгээлдеги доменди каржылоого катышат. Кийинчерээк Google мобилдик жарнаманын артыкчылыктарын колдонгон "Adsense for Mobile" ишке ашырат. Жарманын көлөмүн андан ары дагы көбөйтүү менен Google жана "News Corporation" кирген "Fox Interactive Media" популярдуу MySpace социалдык желесинде издөө жана жарнама жайгаштыруу боюнча $900 миллиондук макулдашууга жетишет.
2006 ж. Тогуздун
2008 ж. Google "GeoEye" менен шериктештикте Google Earth кызматын мыкты сапаттуу сүрөттөр менен камсыздоо максатында обого спутник учурат. Спутник 2008 ж. 6 Аяк Оона күнү Ванденберг Аба Күчтөрүнүн базасынан учурлуган. Google "Life Magazine" журналы менен бирдикте анын сүрөттөр архивин интернетке чыгарган. Бул жерде мурун журналга эч качан чыкпаган сүрөттөр дагы жарыяланган. Бул жерде мурун журналга эч качан чыкпаган сүрөттөр дагы жарыяланган. Сүрөттөр коомдук кенч абалында жарыялангандыгына карабастан суу-белги салынып жана автордук укуктар тууралуу эскертемеси менен коштолгон.
|