Казат Акматов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
12-сап:
Биринчи аңгемелер жыйнагы 1974-ж. «Боз улан» деген ат менен чыккан. «Ыйык журт» (1978), «Мезгил» (1979), «Мунабия» (1982), «Күндү айланган жылдар» (1988), «Время земное» (1983) жана башка роман, повесть, аңгемелер жыйнактары- нын автору. «Ажырашуу», «Мунабия», «Авария» пьесалары сахнага коюлган. Бир катар керкем жана документ фильмдердин сценарийлерин («Жаралуу үчүн өлүм», «Белый табун») жазган. <br>
Адамдын мезгилге жана мезгилдин адамга болгон карым-катышы, өз ара таасирлери, шайкештиги же карама-каршылыгы, алардан келип чыккан окуялардын курчтугу, драмалык татаалдыгы, кырдаалдын себеп-натыйжалуу туундулары, адам эркиндиги Акматовдун чыгармаларынын иликтөө борборунда. <br>
Бүткүл союздук [[Н.Николай Островский]] атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (1978). <br>
1990—95-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 1991-ж. Кыргыз Республикасынын Президенттик Советинин мүчөсү, 1992- жылдан [[Люксембург]] Улуу Герцогдугунун Кыргызстандагы ардактуу консулу. <br>