Аврелий Августин: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.2+) (робот өзгөрттү: cs:Svatý Augustin |
м r2.7.3) (робот кошту: pam:Augustine ning Hippo, scn:Sant'Austinu; косметические изменения |
||
1-сап:
[[
Анын философияга болгон кызыгуусу Цицерондун трактаттарын окуунун таасири астында пайда болгон. Августин өзүнөн кийин бай адабий мурас калтырган. Ал ондогон олуттуу чыгармаларды жазган: «Академиктерге каршы», «Жыргалдуу турмуш жөнүндө», «Жандын өлбөстүгү жөнүндө», «Устат жөнүндө», «Эрктин эркиндиги жөнүндө», «Тобо келтирүү», «Кудайдын шаары жөнүндө» ж.б. Өзүнүн философиялык көз карашы боюнча алгач манихейчиликке — жакшылык менен жамандыктын, жарык менен караңгынын карама-каршылыгы жөнүндөгү ишенимди туткан диний агымга ыкташкан, бирок андан көңүлү кайтып, академиктердин скептицизмине кошулат. Августин өзүнө зор таасир көрсөткөн Амвросий Медиоланский менен таанышып жана неоплатониктердин эмгектерин окугандан кийин христианчылыкка оой баштайт да 387-жылы аны кабыл алат.
9-сап:
Ошондуктан Кудай өзүнүн идеясына ылайык нерселердин белгилүү тартибин жана формасын түзөт, булар болсо Кудай жараткан ар кандай нерселердин үлгүлөрү болуп саналат. Демек, жамандык — бул өз алдынча турган нерсе эмес, жөн гана жакшылык жок жерде пайда боло турган нерсе. Бул жерде Августиндин дүйнөдө болуп жаткан жаманчылыктар үчүн жоопкерчиликти Кудайдан алып салууга умтулгандыгы көрүндү, анткени Кудайдык идеялар жалаң гана жакшылыктарды жаратат, ал эми жамандыктар материя тарабынан теңирлик образдын бузулушунун жана нерселерде жакшылыктын азайышынын натыйжасында пайда болот. Креационизм проблемасына байланыштуу Августин теологиялык гана мааниге ээ болбостон жалпы философиялык да мааниге ээ болгон убакыт проблемасын да карайт. «Убакыт деген эмне? — деп сурайт ал өзүнүн «Тобо келтирүү» деген эмгегинде, анан мындайча жооп берет: — Бул жөнүндө менден эч ким сурабаса мен анын эмне экенин кыйналып-кысталбай эле түшүнүп турамын: бирок буга жооп бергим келгенде мен таптакыр туюкка келип такаламын» [XI, 14,17]. Бул маселени чечүүдө Августин баарынан мурда Кудайга кайрылат жана Кудай тарабынан нерселер жаратылганга чейин убакыт болгон эмес, ал Кудайдын эрки аркылуу ошол нерселер менен кошо пайда болгон деп эсептейт. Убакыт проблемасын карап жатып Августин убакытты талдоодо биз парадокско тушугабыз деп ырастайт. Убакыттын жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүү менен биз төмөнкүдөй корутундуга келебиз: убакытты өлчөөгө болбойт, анткени өтүп кеткен убакыт жашап тура бербейт, ал эми келечектеги убакыт али келе элек болгондуктан ал жок, ал эми учур чактагы убакыт ишке ашар менен өткөн чак болуп калат. Акыры түбү келип Августин мындай деп чечет: убакыт дегенибиз — бул белгилүү бир аралык, ал эми биз убакыт деп өлчөгөн нерселерибиз — акыл-эстеги таасирлер жана издер.
[[
Албетте, Августинде таанымга рационалдуу мамиле жасоонун данеги бар, бирок миң жылдар менен бөлүнүп турган бул жоболорду бирдей деп билүүгө болбойт, анткени Августиндин жобосунда Декарт « Сogitoсуна» берген маани камтылган эмес. Мындан башка да бул жобону таанымда Кудайдын чыгармачылыгына жана Кудайдын кийлигишүүсүнө биринчилик маани берген августианизм системасына таянып кароо керек. Августинде Кудай «биздин аяндарыбыздын атасы». Адам Кудайдын идеяларын пассивдүү түрдө гана кабыл алат. Чыныгы акыйкатты таанып билүү Кудайдын аяндары аркылуу келет. Өзүнүн чыгармаларында Августин күнөө жана Кудайдын жазмышы жөнүндөгү проблемаларга да көп көңүл бурат. Августиндин ою боюнча Кудай жалаң жакшылыктарды гана жаратат, ал эми дүйнөдө толуп турган жамандыктарга болсо бүт бойдон адамдын өзү айыптуу, бул айып адамдын эркинин эркиндигинен улам болуп жатат. Кудай Адам менен Еваны эркин кылып жаратты, бирок алар тыюу салынган мөмөнү жеп, Кудайдын буйругун бузуп, күнөөгө батышты. Кудайдын осуяттарына карама-каршы өзүнүн эрктүүлүгүн пайдаланып, Адам Кудай менен адамдын ортосунда туңгуюкту пайда кылды. Эркин Эрк адамды дайыма күнөөгө түртүп турат.
95-сап:
[[no:Augustin av Hippo]]
[[oc:Agustin d'Ipòna]]
[[pam:Augustine ning Hippo]]
[[pl:Augustyn z Hippony]]
[[pms:Agustin d'Ipon-a]]
Line 105 ⟶ 106:
[[rue:Авґустін з Гіппо]]
[[sc:Austinu de Ippona]]
[[scn:Sant'Austinu]]
[[sco:Augustinus]]
[[sh:Augustin]]
|