Калча уулу, Сыртбай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Калча уулу Сыртбай (1895–1925) Обончу, ырчы Калча уулу Сыртбай Түп районунун Чоң-Таш айылында 1895-ж..."
(Айырма жок)

2 ноябрь 2012, саат 11:33 учурдагы нуска

Калча уулу Сыртбай

(1895–1925)


Обончу, ырчы Калча уулу Сыртбай Түп районунун Чоң-Таш айылында 1895-жылы туулган. Жашынан ырдап, комуз черткен. Ал өз учурунда көптөгөн обондорду, терме, санат-насыят ырларын чыгарган, бирок тилекке каршы, алардын көбү жазылып алынбай, жыйналбай калган. Автордун элдик оозеки чыгармачылыктын өзөгүндө чыгарган «Сыртбай», «Насыят» аттуу ырлары эл оозунда сакталып калган.

«Сыртбай» аттуу ыры М.Баетовдун, А.Огомбаевдин, А.Жумабаевдин аткаруусунда элдик ырга айланган. Комузчу, ырчы Бөжөй Шадыкановдун аткаруусунда Сыртбай Калча уулунун терме, санат ырларынын айрымдары Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.


Автордун «Сыртбай» аттуу ыры «Ала-Тоо таңшыйт», «Сармерден» аттуу ж.б. обондуу ырлар жыйнагына басылган.


Дисктери


Сыртбайдын ыры – А.Жумабаев. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035851 52 005.