Айбек Карымов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Карымов, Айбек Обончу, ырчы Карымов Айбек Токтогул районунун Сары-Камыш айылында 1969-жылы 29-июлд..."
(Айырма жок)

2 ноябрь 2012, саат 11:42 учурдагы нуска

Карымов, Айбек

Обончу, ырчы Карымов Айбек Токтогул районунун Сары-Камыш айылында 1969-жылы 29-июлда туулган. Орто мектепти аяктап, Чехословакияда Советтик армиянын милдетин өтөп келген. 1991-жылы Жалал-Абад шаарындагы маданий-агартуу окуу жайынын эл аспаптар оркестри бөлүмүндө окуган.


2009-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Маданият билим берүү борборун бүтүргөн. 1992-жылы алгачкы «Сүйүү керемети» аттуу ырын гитаранын коштоосунда чыгарган. 1994-жылы «Нур» аттуу эстрада ансамблин уюштуруп, ырчылар К.Алымбекова, С.Кочкоров, 2003-жылы «Ай Теңир» аттуу эстрада тобун уюштуруп, анда ырчылар С.Балтаева, Г.Байзакова менен иштешкен жана «Дил кайрык», «Аттиң ай, аттиң», «Ооруп турат жүрөгүм» ж.б. ырларын ырдаган.


Ал 60тан ашык обондордун автору. Анын «Дил кайрык» ырлар жыйнагы, ырларынын үч альбому жарык көргөн. Ардак грамоталар, дипломдор менен сыйланган жана республикалык кароо-сынактардын лауреаты болгон.