Исаков, Сабатар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Исаков Сабатар Обончу Исаков Сабатар Талас районунун Орто-Кошой айылында 1954-жылы 7-мартта туул..."
(Айырма жок)

2 ноябрь 2012, саат 11:51 учурдагы нуска

Исаков Сабатар


Обончу Исаков Сабатар Талас районунун Орто-Кошой айылында 1954-жылы 7-мартта туулган. 1973-жылы Асанбек Оторбаев атындагы мектепти аяктап Манас колхозунда жумушчу, 1976-жылы Манас айылында тракторчу, 1979-жылы ошол эле айылда клуб башчысы болуп иштеген. 2005-жылы республикалык “Эл ичи, өнөр кенчи” телефестивалына катышып күмүш медалына татыктуу болгон, 1984-жылы облустук обончулардын кароо-сынагында экинчи даражадагы диплом менен сыйланган жана дагы көптөгөн кароо-сынактарда байгелүү орундарга жетишкен.


«Алдаба куру бекер сөзүң менен» сыяктуу элге кеңири тараган ырынан баштап, 50дөн ашык обондорду жараткан жана алардын 15тен ашыгы Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.