Съездбек Искеналиев: нускалардын айырмасы

Кыргызстандык ырчы жана актёр
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Искеналиев Съездбек Обончу жана аткаруучу Искеналиев Съездбек Кочкор районунун Кызыл-Дөбө а..."
(Айырма жок)

2 ноябрь 2012, саат 11:59 учурдагы нуска

Искеналиев Съездбек

Обончу жана аткаруучу Искеналиев Съездбек Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында 1980-жылы 2-августта туулган. 1986–1996-жж. Кызыл-Дөбө орто мектебинен, 1996–2000-жж. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кыргыз улуттук аспаптары бөлүмүнөн, 2000–2008-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун Менеджер бөлүмүнөн билим алган. 2000-жылдан кыргыз эстрада чөйрөсүнө аралашып, жеке ырчы катары эмгектене баштаган. Ал музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө эле обон чыгаруу менен алектенип, “Өмүр деген”, “Басаар жолдо” ж.б. ырларын жазган. 2007-жылдан кино чөйрөсүндө Э.Абдыжапаровдун “Боз салкын” көркөм тасмасында Мураттын, кийин А.Дайырбековдун “Жээк” кыска метраждуу тасмасында эпизоддук ролду, “Кайып булак” мистикалык тасмасында баш каармандын биринин ролун, С.Шерниязовдун “Аян” кыска метраждуу тасмасында Ырчы жигиттин ролун аткарган. 2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында уюштурулган музыкалык ансамблде солист катары эмгектенип, Кыргыз милициясынын 85 жылдык мааракесин уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн министрлик тарабынан төш белги менен сыйланган. 2009-жылы “Сынган жүрөк” аттуу отчеттук концертин уюштурган. 2008–2009-жж. Казакстанда, Россиянын бир катар шаарларында, Кытай Эл Республикасында, Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында өткөн маданий иш-чараларга катышкан. Ал 2003–2008-жж. Кыргыз Республикасынын улуттук телерадиокорпорациясынын “Улуттук хит-парадынын” түрдүү орундарына татып, дипломдор менен сыйланган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин “Алтын үн – 2006” фестивалынын дипломанты болуп, 2008-жылы министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланган. “Кыргызстан обондору” радиосунун, “Кыргыз туусу” “Супер инфо” гезиттеринин ар түрдүү сыйлыктарына жана 2008-жылы “Эсимде” деген обону Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясынын “Ала-Тоо таңшыйт” теледолбоору тарабынан “Мыкты обон” номинациясына татыган.

Аткарылып жүргөн чыгармалары

Ырлары

“Өмүр деген” с. С.Искеналиевдики “Басаар жолдо” с. С.Искеналиевдики “Алча гүлү” с. С.Искеналиевдики “Он сегиз жаш” с. С.Искеналиевдики “Эсимде” с. С.Искеналиевдики “Селки” с. Т.Байзаковдуку “Бейтааныш” с. С.Искеналиевдики ж.б.

Дисктери

Эсимде, CD-альбом, 2006-жыл, Мен жылкычы CD-альбомдорун 2007-жыл, Сынган жүрөк DVD-альбом, 2009-жыл.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Республикасынын обончулары.Маалымдама/Кыргызпатент/ Түз.: А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: Кыргызпатент, 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4