Жамаат: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Жамаат''' (орус. Община) – өздүк мүчөлөрдүн биргелешкен ишмердүүлүгү менен бирикти..."
 
Automated import of articles *** existing text overwritten ***
1-сап:
'''Жамаат''' – 1) бир тектүү аймактын алкагында жашаган аргандай милдетти аткаруучу организмдердин жыйындысы; 2) Бельгия федерациясында маданий-лингивистикалык автономия принциптеринде түзүлгөн субъектердин аталышы. Бельгияда үч Ж. бар: фламанд-, франко- жана герман тилдүү.
'''Жамаат''' ([[Орус тили|орус]]. Община) – өздүк мүчөлөрдүн биргелешкен ишмердүүлүгү менен бириктирилген жана жергиликтүү өзүн өзү башкарган системага ээ социалдык майда [[Уюм|уюм]].
 
Алгачкы Жамааттык коомдо уруулук Жамаат өндүрүштүк, [[Үй бүлө|үй бүлөлүк]], тиричиликтик, [[Идеология|идеологиялык]] функцияларды жөнгө салган негизги [[Организм|организм]] болуп саналган. Коомдук мамилелердин андан ары өнүгүшүнө байланыштуу региондук ([[Азия|азиялык]], [[Европа|европалык]]) жана функционалдуу (айылдык, коммуналдык, конфессионалдык, улуттук ж. б.) Жамааттар пайда болгон.
 
Азиялык коңшулук Жамааты узак мезгилдер бою ишмердүүлүктүн биргелешкен өндүрүш, биргелешкен ырым-жырым сыяктуу түрлөрүнүн функциясын аткарып келген. Европалык типтеги дыйканчылык Жамаатта жалпы менчиктин (ээн жаткан жер же жайыт) элементтери гана сакталып калган. Феодалдык коомдо дыйканчылык, коңшулук Жамааттар карама-каршы функцияларды аткарышкан. Бир жагынан бул өз мүчөлөрүн калкалап алууга жөндөмдүү демократтык [[Институт|институт]] болуп саналса, экинчи жагынан Ж. мамлекет жана жеке адамдар тарабынан фискалдуу максаттарда (Мисалы: коллективдүү жумушта ар бир мүчөнүн бири бирине кепил болуп, ал үчүн жооптуу болуусу сыяктуу круговая порука формасында) пайдаланылган. Рыноктук, капиталисттик мамилелер айылдык Жамааттарды талкалап, алардын ордуна фермердик чарбалар жана латифундистер пайда болот.
 
Капитализмдин шартында цехтер жана гильдиялар өңдүү шаардык Жамааттар да талкаланып жок болот. Бирок, [[Азия]]нын, [[Африка]]нын жана [[Америка]]нын айылдык Жамааттары азыркы чейин сакталып, өз жашоосун улантууда. Учурдагы коом үчүн конфессионалдуу, улуттук жана коммуналдык Жамааттар мүнөздүү. Тике демократиянын мындай институттары коомдогу маанисин жогото элек.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]
[[Category:Философия]]
 
 
[[ar:جماعة مشتركة]]
[[be:Абшчына]]
[[be-x-old:Грамада]]
[[bg:Общност]]
[[ca:Comunitat]]
[[chr:ᎾᎥ ᏄᎾᏓᎸ]]
[[ckb:کۆمەڵ]]
[[cs:Komunita]]
[[cy:Cymuned]]
[[da:Fællesskab]]
[[de:Gemeinschaft]]
[[el:Κοινότητα]]
[[en:Community]]
[[eo:Homa komunumo]]
[[es:Comunidad]]
[[fi:Yhteisö]]
[[he:קהילה]]
[[hi:जाति]]
[[hu:Közösség]]
[[id:Komunitas]]
[[is:Samfélag]]
[[it:Comunità]]
[[ja:共同体]]
[[ko:공동체]]
[[nds-nl:Saemenleving]]
[[nl:Samenleving]]
[[nn:Gemeinschaft]]
[[no:Gemeinschaft]]
[[pl:Wspólnota]]
[[ru:Община]]
[[simple:Community]]
[[sk:Komunita (sociológia)]]
[[sr:Заједница]]
[[ta:குமுகம்]]
[[th:ชุมชน]]
[[vi:Cộng đồng]]
[[yi:געמיינדע]]
[[zh:群体]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жамаат" булагынан алынды