'''Жаныбарлар''' – организмдердин, (укуктук көзкараштан алганда) адамдан башка, өсүмдүктөргө кирбеген түрлөрү. КР жарандык мыйзамдарына ылайык, Ж-га карата, мыйзамдарда башка жагдай каралбагандыктан, мүлк тууралуу жалпы эрежелер колдонулат. Ж. аркыл укуктук мамилелердин (жарандык, административдик, кылмыш-жаза, экологиялык) объекти катары чыгат. Укуктарды ишке ашырууда Ж-га боорукердик эрежелерине каршы келген ташбоор мамиле кылууга жол берилбейт. Биркатар өлкөлөрдө мындай мамиле үчүн административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчиликтери каралган. Ж. юридикалык жактан үй, айылчарба, жана жапайы жаныбарлар (табигый абалында) болуп бөлүнөт.
'''Жаныбарлар''' (''Animalia'' же ''Metazoa'') — [[Аристотель|Аристотелдин]] учурунан тарта [[организм]]дердин бул бөлүгү болгон [[биология]]лык дүйнө катары каралып келет. Жаныбарлар [[зоология|зоологиянын]] негизги изилдөөчү объектилеринин бири.
== Колдонулган адабияттар ==
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
[[Category:Табият илимдери]]
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]