Жараат: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.3) (робот өзгөрттү: ta:புண்
Automated import of articles *** existing text overwritten ***
1-сап:
'''Жараат''' – тери бетинин (чели) жана алдында жаткан ткандардын механикалык бузулушу.
'''Жараат''' — дене ткандарынын механикалык жол менен майып болушу. Ал сайылган, кесилген, жулунган, тиштелген, ок тийген жана башка болуп бөлүнөт. Терең жараата тери жана анын май катмары, сөөк, ири кан тамырлар, нервдер жабыркашы мүмкүн.
== Колдонулган адабияттар ==
 
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
[[File:Bleeding wound on thumb.jpg|250px|thumb|right|:Бармактагы жаңы канап жаткан жараат.]]
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]
 
Жараттын оордугу жабыркаган жерге (баштын, көөдөн менен ичтин Жаратты айрыкча коркунучтуу), ткандардын бузулуу өлчөмүнө, булганышына жана кандын агышына жана башка жараша болот. Жараат (хирургиялык жарааттан башкасы) жарадар болгон мезгилде же кийин деле булганат. Ошондуктан жараатта биринчи таңууну туура коюу маанилүү, анын айыгышы көп учурда ошого байланыштуу. Мүмкүн болушунча тезирээк [[Медицина|медицина]]лык мекемеге кайрылып, Жаратты тазалатып жана селеймеге каршы эмдетүү оң.
Бардык жараатта кан агып, ооруйт. Ири кан тамырлар, ички [[Организм|орган]]дар жарадар болгондо кан көп агып, катуу ооруп, өмүргө коркунучтуу шокко алып келет.
Курч нерсе менен кесилген жараттын тегерегинде жанчылган ткань азыраак болуп, жараат инфекциясы болбойт. Айрылган, урулган, жанчылган, тиштелген, ошондой эле ок жарааттарынын айланасындагы ткандар көп жанчылат, ал жерде жанчылган же бузулган ткань, ошондой эле уюган кан, ар кандай ыпыластар (топурак, ылай, чөп-чар жана башка) көп болот. Булар инфекция коркунучун — оор газ гангренасын, флегмона, абсцесс же жарааттын бүтүндөй эле ириңдеп кетүү коркунучун туудурат. Оор учурда сепсис болушу мүмкүн.
Шок абалында, кан көп акканда, баш, көкүрөк, ич көңдөйүнө бир нерсе сайылганда жана аябай булганган жараатта хирургиялык жардам тез көрсөтүлүшү тийиш. Кичинекей, айрыкча кесилген Жараттын кесигин жабыштырып, таңып койсо, 7—10 күндө айыгып, ордунда ичке, билинер-билинбес так калат.
 
Кол манжаларынын кичинекей кесилген же айрылган жарааттын жакшылап туура таңып койсо эле айыгып кетиши мүмкүн. Эгерде 1—2 суткадан кийин таңып ал жер ооруй баштаса, врачка кайрылуу зарыл.
Биринчи жардам көрсөтүүдө баарыдан мурда кан агууну токтотуп, булганбас үчүн айрым асептикалык эрежени сактап, таза даки менен бекем таңуу керек. Жаратты жууганга болбойт, себеби ириңдетүүчү микроб кирип кетүүсү мүмкүн. Эгер таза материал, даки болбосо, Жаратты таза кездеме (үтүктөлгөн) менен байлап, колу-буттун оор жарааттарында аны кыймылдатпоо үчүн шакшак коюп таңып, [[Медицина|медицина]]лык мекемеге жеткирүү зарыл.
Үй шартында Жаратты таңуучу киши колун самындап жууп (шашылыш болсо спирт менен сүртүп алса болот), Жаратка спирт, арак, атыр же суутектин өтө кычкылына малынган кебез же даки жаап коюп, кир түшпөсүн үчүн анын айланасына йод сүйкөйт. Убактылуу коюлган даки салфетканы алып таштап, дакини катмарлап таңуу керек. Дакинин үстүнө таза кебезди жукалай тегиз коюп, бинт менен таңат (к. Таңуу). Айбанаттар тиштегенде Жараттын чоң-кичинелигине карабай, ошол замат врачка кайрылган оң.
Жаратты медициналык мекемелер таңса аны үйдөн алмаштырууга болбойт, анткени ага инфекция кирип, кайра каноосу мүмкүн. Эгер таңууну алмаштырууга туура келсе айрым эрежелерди сактоо сунуш кылынат. Жабышып калган таңууну жарааттан сыйрып албай, үстүндөгү кебезди алып, дакинин четин ачып, Жаратка суутектин кычкылын, виранолдун, марганцовканын, туздун эритмесин же кайнаган жылуу суу куюу керек. Жаратка компресс кагазын коюуга жарабайт. Үй аптечкасында (к. Аптечкалар) Жаратты дарылоого керектүү бардык буюмдар болууга тийиш.
 
==Колдонулган адабияттар==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
[[Категория: Ден-соолук]]
[[Категория: Дарыгерлик]]
[[Категория: Медицина]]
 
[[ar:جرح]]
[[bat-smg:Žaizda]]
[[bg:Рана]]
[[bs:Rana]]
[[ca:Ferida]]
[[cs:Rána]]
[[da:Sår]]
[[de:Wunde]]
[[en:Wound]]
[[eo:Vundo]]
[[es:Herida]]
[[eu:Zauri]]
[[fa:زخم]]
[[fi:Haava]]
[[fr:Plaie]]
[[gl:Ferida]]
[[hi:घाव]]
[[hr:Rana]]
[[hu:Seb]]
[[io:Plago]]
[[it:Ferita]]
[[ja:創傷]]
[[ka:ჭრილობა]]
[[ko:부상 (몸)]]
[[lt:Žaizda]]
[[ml:മുറിവ്]]
[[new:घा]]
[[no:Sår]]
[[oc:Plaga]]
[[pl:Rana]]
[[pt:Ferida]]
[[qu:K'iri]]
[[ro:Plagă]]
[[ru:Рана]]
[[sh:Rana]]
[[simple:Wound]]
[[sr:Рана]]
[[sv:Sår]]
[[ta:புண்]]
[[th:บาดแผล]]
[[uk:Рана]]
[[vi:Vết thương]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жараат" булагынан алынды