Леонардо да Винчи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
2-сап:
'''Леонардо да Винчи''' [[Италия|Италиялык]] улуу сүрөтчү жана ошондой эле [[живопись|живописчи]], [[скульптор]], [[архитектор]] жана [[анатом]], [[математик]], [[физик]] болгон. Аны көптөрү ошол замандын жана кылымдын көп тармактуу (универсалдуу) [[илимпоз|илимпозу]], Италиялыктардын идеалдуу адамы деп атап коюшкан. Ошол кезде аны Чародей, же болбосо шайтанга кызмат кылуучу, Кудай Таала тарабынан улуу күчкө ээ Фауст деп да таанып жүрүшкөн. Мына ушундай улуу кереметтерди койнуна жашырган жана атына лакап катары көлөкөдөй жабыштырып жүргөн Леонардонун таланты кылымдарды карытканын жана да карыта берээрине шек жок. Анын калтырып кеткен легендарлуу эмгектеринин натыйжасынан, сүрөтчү, адам баласынын акылынын туу чокусун багындырган генийи катары тарыхта калды. Ал өзүнүн ысымын адамзаттын тарыхында "Көп тармактуу инсан" катары өчүрбөстөн алып жүрөөрүнө эч кимдин шеги жок. Леонардо кылымдардын маданиятынын диапозондук доорун жараткан бирден бир личност, талант, керемет…
== Бала чагы ==
[[Файл:Vinci casa Leonardo.jpg|thumb|left|Бала чагында Леонардо жашаган үй]]
Леонардо да Винчи 1452-жылы 15-апрелде [[Флоренция|Флоренциядан]] алыс эмес, Винчи шаарчасына жакын Анкиано кыштагында, түнкү саат үчтөр чамасында (биздин убакыт менен алып караганда 22:30) жарык дүйнөгө келет. Леонардонун чоң атасынын жазып калтырган күндөлүгүндө "Менин неберем жана уулум Пьеронун баласы, 15-апрел күнү, ишембиде дүйнөгө келди. Баланын атын Леонардо койдук. Аны киндик атасы Пьеро ди Бартоломео", дейт. Леонардонун атасы Пьеро жана апасы кристиан кызы Катерина 25 жылдык тажрыйбасы бар нотариус болушкан. Леонардонун алгачкы бала кезеңи апасынын колунда өткөн. Атасы ошондон кийин эле бай аял алып үй-бүлөсүн таштап кетип калат. Бирок, алардын бактысына бала жыты туш болбогондуктан, Пьер үч жашаар баласын Катеринанын колунан алып кетип калат. Апасынан эрте айрылган Леонардо турмуш жолунда дейбизби, же эмгек жолундабы апасын сагынып күн өткөрүү менен, өзүнүн керемет чыгармаларында апасынын мээримин, жүзүн чагылдырганга аракет жасайт.<br />
Ошол убакыттарды чоң атасынын үйүндө өткөрөт. Ошентип, Леонардо 13 жашка чыкканда өгөй апасы төрөттөн көз жумат. Атасы дагы үйлөнөт, бирок, бакыт таалайдын күнүн көрбөйт. Ал 67 жыл өмүр сүргөн, ошонун арасында төрт жолу төшөк жаңыртып, 12 баланын атасы болгон. Атасы Леонардого мыйзамдуу түрдө ата-бала катары жашайлы деп кийин көп жолу айткан, бирок сүрөтчү ага көнгөн эмес. Анын мыйзамдуу түрдө баласы болбосо да табигий түрдө баласымын деп өзүн жооткоткон. <br />
Леонардонун фамилиясы жок болгон, жөн гана "да Винчи" деген. Бул фамилия катары айтылып жүргөн туулган шаарчасынын Винчи деген аты болгон. Аны аты-жөнүн толук атай турган болсок, италиянча Leonardo di ser Piero da Vinci. Ал эми бизче "Леонардо, Винчилик Пьеро мырзанын уулу" деп айтылат.
== Верроккьо кесипыканасы ==
[[Файл:Leonardo Da Vinci's house.jpg|thumb|Леонардонун өлгөн жери[[Кло-Люсе]]]]
Верроккьо кесипканасы Италиянын интелектуалдар борбору болгон Флоренция шаарында жайгашкан. Ал жерде Леонардо алгачкы, же башталгыч эмгектерин жараткан. Ошондой эле билимдин очогу болгондуктан, техникалык жааттан дагы сабак алганга жетишкен. Мисалы ал чийүү, химия, темир ширетүүчү, гипс жана булгаары менен иштөө илимине сүңгүп кирген. Жаш мастер ошол эле мезгилде сүрөтчүлүгүн жерге таштаган эмес. Сүрөт тартуу, айкел чегүү жаатында дагы эмгектенип, окуп үйрөнүүгө далалат жасаган. Аталган кесипканада белгилүү мастерлер: Гирландайо, Перуджино, Боттичелли жана Лоренцо ди Кредилер кез-кези менен келип турушкан. Леонардонун шаардагы Верроккьо кесипканасына көңүлү абдан жакын болгондуктан, бир мезгилде атасы өзүнүн иштеген жерине алып келгенде, андан качып барып кайрадан өзүнүн көнгөн жерине келип алат. Ошентип таланттын алгачкы мезгилдери ошол жерден ачыла баштайт.<br />
Леонардо Да Винчи 1473-жылы 20 жаш курагында, мастер Гильдин Лукинин квалификациясын алат. Бул ал үчүн абдан чоң жетишкендик болот.
== Верроккьонун картинкасы. Леонардонун ийгиликтүү эмгеги ==
[[Файл:Andrea del Verrocchio 002.jpg|thumb|Верроккьо сүрөтү «Ыйсаны чокундуруу». Сол жагында периште (астынкы сол бурч)&nbsp;— Леонардонун кылкалеминен жаралган]]
[[Файл:Leonardo IMG 1759.JPG|thumb|left|[[Амбуаз]]дагы Леонардонун эстелиги]]
XV кылымда Италиялыктардын алтын баштуу адамдары тарабынан искусствонун дагы бир ченеми жаралат. Алар эч кимде жок живописти жаратуунун жолунда алга карап жылып отурушат. Бул боюнча нечендеген талаш-тартыштар, жаш ойчулдар арасында талкуулар өткөрүлөт. Бирок, Леонардо андай жаратмандыкты эң биринчилерден болуп Верроккьо агайы экөө жаратышат. Бир күнү, устаканага "Христостун мээрими" аттуу сүрөт тартууга буйуртма келип түшөт. Аны Леонардо жана Верроккьо тартат. Ал дүйнөдө жок шедевр чыгарма катары таанылат. Агайына жардам берген Леонардонун таланты мына ушул сүрөттө ачык камтылган. Эмнеси болсо да улуу сүрөткердин ой-чабыты жогорку деңгээлде болгондугу жашыруун эмес. Ошол себептен, анын андан кийинки чыгармалары да турмуштун, тагдырдын жаңы жаралуусуна айгине болуп берет.
== Таланттын ачылган маалы 1476-1513-жылдары ==
[[Файл:Mona Lisa, by Leonardo da Vinci, from C2RMF retouched.jpg|thumb|[[Мона Лиза]] (1503—1505/1506)]]
24 жашында Леонардо жана анын үч жолдошу жалган анималдуу сүрөттөрү үчүн сот жообуна тартылышат. Бирок, ал жагдайды кеч болсо да жеңип чыгууга аракеттери зор болот. Мына ошондон кийин сүрөткердин өмүр таржымалы өтө аз баяндала баштайт. Бирок, анын Флоренцияда белгилүү кесипканасы бар экени жашыруун эмес (1476-1481-жж). Ошол жерде күн өткөрүп, ошол жерден улуу чыгармаларын жарыкка алып келе баштайт.
1482-жылы жазылган Вазаринин эмгегинде (Леонардонун өмүр таржымалын өтө жакшы билген жазуучу) Леонардонун элге билинбеген дагы бир талантын эске алган. Ал эң жакшы ырдай алгандыгы менен да белгилүү болгон.
Line 19 ⟶ 24:
Леонардонун мураскери окуучусу Франческо Мельци. Ага акчадан тышкары анын картинкалары, инструменттери, китепканасы ж.б буюмдары калган. Салаи жана анын кызматкерине Леонардонун жүзүм талаасы ыйгарылган.
 
<gallery>
 
Изображение:[[File:Leonardo da Vinci parachute 04659a.jpg|thumb|Leonardo da Vinci parachute 04659a]]
Изображение:Design for a Flying Machine.jpg|Чертеж летательной машины
Изображение:Leonardo-Tank.jpg|Военная машина
Изображение:Leonardo da Vinci helicopter.jpg|Летательный аппарат
Изображение:Leonardo Amboise Automobile.jpg|Автомобиль
Изображение:DaVinci Crossbow.JPG|Арбалет
Изображение:Варианты скорострельных орудий рисунок Леонардо да Винчи.jpg|Скорострельное оружие
Изображение:Военный барабан.jpg|Военный барабан
Изображение:Прожектор.jpg|Прожектор
Изображение:Da Vinci Vitruve Luc Viatour.jpg|[[Витрувианский человек]]&nbsp;— [[золотое сечение]] в изображении человека
</gallery>
== Галерея ==
<gallery>
Изображение:Leonardo_da_Vinci_046.jpg|«[[Дама с горностаем]]»
Изображение:Views_of_a_Foetus_in_the_Womb.jpg|Рисунки человеческого эмбриона
Изображение:Da Vinci Studies of Embryos Luc Viatour.jpg|[[Эмбрион]] человека
Изображение:Leonardo_polyhedra.png|«Тарелка Пачолли»
Изображение:Madonna Litta.jpg|«[[Мадонна Литта]]»
Изображение:Leonardo da Vinci Benois Madonna.jpg|«[[Мадонна Бенуа]]»
Изображение:Leonardo da Vinci 036.jpg|«[[Мадонна с гвоздикой (картина)|Мадонна с гвоздикой]]»
Изображение:After leonardo da vinci, The Battle of Anghiari (copy of a detail).jpg|Этюд к «Битве при Ангиари»
Изображение:Leonardo da Vinci - Annunciation - WGA12677.jpg|«[[Благовещение (Леонардо да Винчи)|Благовещение]]»
Изображение:Mona Lisa, by Leonardo da Vinci, from C2RMF retouched.jpg|«[[Мона Лиза]]»
</gallery>
[[Категория: Инсандар]]
[[Категория: Маданият]]