Леонардо да Винчи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
6-сап:
Ошол убакыттарды чоң атасынын үйүндө өткөрөт. Ошентип, Леонардо 13 жашка чыкканда өгөй апасы төрөттөн көз жумат. Атасы дагы үйлөнөт, бирок, бакыт таалайдын күнүн көрбөйт. Ал 67 жыл өмүр сүргөн, ошонун арасында төрт жолу төшөк жаңыртып, 12 баланын атасы болгон. Атасы Леонардого мыйзамдуу түрдө ата-бала катары жашайлы деп кийин көп жолу айткан, бирок сүрөтчү ага көнгөн эмес. Анын мыйзамдуу түрдө баласы болбосо да табигий түрдө баласымын деп өзүн жооткоткон. <br />
Леонардонун фамилиясы жок болгон, жөн гана "да Винчи" деген. Бул фамилия катары айтылып жүргөн туулган шаарчасынын Винчи деген аты болгон. Аны аты-жөнүн толук атай турган болсок, италиянча Leonardo di ser Piero da Vinci. Ал эми бизче "Леонардо, Винчилик Пьеро мырзанын уулу" деп айтылат.
== Верроккьо кесипыканасыкесипканасы ==
[[Файл:Leonardo Da Vinci's house.jpg|thumb|Леонардонун өлгөн жери[[Кло-Люсе]]]]
Верроккьо кесипканасы Италиянын интелектуалдар борбору болгон Флоренция шаарында жайгашкан. Ал жерде Леонардо алгачкы, же башталгыч эмгектерин жараткан. Ошондой эле билимдин очогу болгондуктан, техникалык жааттан дагы сабак алганга жетишкен. Мисалы ал чийүү, химия, темир ширетүүчү, гипс жана булгаары менен иштөө илимине сүңгүп кирген. Жаш мастер ошол эле мезгилде сүрөтчүлүгүн жерге таштаган эмес. Сүрөт тартуу, айкел чегүү жаатында дагы эмгектенип, окуп үйрөнүүгө далалат жасаган. Аталган кесипканада белгилүү мастерлер: Гирландайо, Перуджино, Боттичелли жана Лоренцо ди Кредилер кез-кези менен келип турушкан. Леонардонун шаардагы Верроккьо кесипканасына көңүлү абдан жакын болгондуктан, бир мезгилде атасы өзүнүн иштеген жерине алып келгенде, андан качып барып кайрадан өзүнүн көнгөн жерине келип алат. Ошентип таланттын алгачкы мезгилдери ошол жерден ачыла баштайт.<br />
Леонардо Да Винчи 1473-жылы 20 жаш курагында, мастер Гильдин Лукинин квалификациясын алат. Бул ал үчүн абдан чоң жетишкендик болот.
 
== Верроккьонун картинкасы. Леонардонун ийгиликтүү эмгеги ==
[[Файл:Andrea del Verrocchio 002.jpg|thumb|Верроккьо сүрөтү «Ыйсаны чокундуруу». Сол жагында периште (астынкы сол бурч)&nbsp;— Леонардонун кылкалеминен жаралган]]