Опекушин, Александр Михайлович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
(Айырма жок)

14 ноябрь 2012, саат 07:41 учурдагы нуска

Опекушин, Александр Михайлович (1838, Ярославль облусу – 1923, ошол жерде) – орус скульптору. Петербург сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1895). Петербургда Д. И. Иенсендин скульптура өнөрканасында жана сүрөтчүлөрдү сыйлоо коомунун сүрөт мектебинде окуган. М. О. Микешиндин долбоору боюнча Новгороддо “Россиянын миң жылдыгы” (1862) жана Петроградда Екатерина IIнин (1873) эстеликтерин тургузууга катышкан. Көрүнүктүү эмгектери: А. С. Пушкиндин (Москва, 1880; Петербург, 1884), К. М. Бэрунун (Тарту, 1886), М. Ю. Лермонтовдун (Пятигорск, 1889) эстеликтери.

Колдонулган адабияттар