Рыскулов Искендер Муратбекович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
48-сап:
Ош драма театрындагы И.Рыскуловдун чыгармачылыгын туу чокусу катары В.Шекспирдин “Ричард III” трагедиясы боюнча коюлган спектакль айтылат.<br>
Ушул эле спектаклди ал Кыргыз академиялык драма театрына да көчүрүп, ошол эле чыгармачылыл ийгилигинен кем калбаган оюн жараткан.<br>
Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында “Жаныбарым, Гүлсары!”, “Кылым карыткан күн”, “Саманчынын жолу” (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде), “Саадак какты” (авт.Б.Жакиев), “Акын жана Ажал” (авт.К.Мамбетакунов), “Курманжан-датка” (авт.М.Жакыпов), “Дөңгөлөк доошундагы турмуш” (А.Куросаванын сценарийинин негизинде), “Кагылайын, Манасым!” (авт.[[Кулмамбетов, Жаныш Осмонович|Ж.Кулмамбетов]]) сыяктуу чыгармачылык бедели өтө жогору спектаклдерди жаратты.
Айрыкча “Акын жана Ажал”, “Дөңгөлөк доошундагы турмуш” спектаклдерин 1980-жылдардын ичиндеги И.Рыскуловдун эң жогорку чыгармачылык ийгиликтери катары баалоого болот.<br>
Ал эми “Кылым карыткан күн” спектакли 1988-жылы Москвадагы Улуттар театрынын ачылыш аземине катышуу укугуна ээ болгон.<br>