Рыскулов Искендер Муратбекович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
43-сап:
Ушундан тартып И.Рыскулов областтык театрдын сахнасында ондонгон мыкты спектаклдерди жаратты.<br>
Ал койгон “Ак кеме”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” (Ч.Айтматовдун повесттеринин негизинде сахналыштырган), “Жүз катын” (авт.Б.Өмүралиев), “Кадыр түн”, “Күнөстүү арал” (авт. М.Гапаров), “Кам санаба, апаке!” (авт.Н.Думбадзе), “Он экинчи түн”, “Гамлет”, “Ричард III” ж.б. спектакледери И.Рыскуловду Советтер Союзунун Ю.Любимов, Г.Товстоногов, А.Эфрос, М.Захаров, Р.Стуруа, Э.Някрошюс, Ф.Касымов сыяктуу онго жетпеген мыкты театр режиссерлорунун катарына кошту.
И.Рыскуловдун Ош кыргыз дара театрында 1982-жылы койгон “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” спектакли, Жаштар театрларынын ТблисидеТбилисиде өткөн Бүткүлсоюздук фестивалында өтө жогору баага татыган. Айрыкча Д.Байдөбөтовдун Органы актердук өнөрдүн үлгүсү катары бааланган.<br>
Ош театрынын ошол мезгилин “Искендер Рыскуловдун доору” деп атоо чындыкка жакын келет. Эмне дегенде, анын ошол учурдагы ар бир койгон спектакли Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Советтер Союзунун театр журтчулугунун ичинде маданий окуяга айланып, анын оюндарын көрүү үчүн Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург), Киев шаарларынан, Балтика боюндагы өлкөлөрдөн театр адистери тынымсыз Ошко каттап турушкан.<br>
И. Рыскулов ошол мезгилдеги кыргыз режиссерлоунун ичинен биринчи жолу Советтер Союзунун башка республикаларында жана айрым социалисттик мамлекеттерде да алардын чакыруусу менен бир кыйла оюндарды койгон.<br>