Никколо Макиавелли: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.2) (робот кошту: ilo:Niccolò Machiavelli
м r2.7.3) (робот өчүрдү: diq:Niccolò Machiavelli; косметические изменения
9-сап:
== Фортуна концепциясы ==
Бардык мына ушул жоболор анын фортуна концепциясында өз чагылышын тапкан, фортуна деп ал коомдук өнүгүүнүн обьективдүү мыйзамченемдүүлүгүн түшүнгөн. Макиавелли бул проблеманын ар түрдүү жактарын бөлүп карайт да, зарылдык менен адам эркинин эркиндигинин ортосунда белгилүү бир ара катышты ишке ашырууга аракет жасайт. Ал мындай деп жазат: «биздин кылык-жоруктарыбыздын жарымын фортуна тескейт, ал эми экинчи жарымын же ошого жакынын башкарууну биздин өзүбүзгө берет» [Танд. чыгарм. 111—112-6.]. Ошондуктан фортуна жөнүндө айтуу менен бирге Макиавелли адамдын активдүү иш-аракетинин зарылдыгын да баса белгилейт: сак болгондон көрө тайманбас болгон жакшы, бирок мында адамдын иш-аракети белгилүү бир максатка, албетте бийик жана асыл максатка умтулган тунук акыл жана эрк аркылуу багытталууга тийиш. Мына ушунун баарын Макиавелли вирту — эрдик деп атайт. Виртуну толук ишке ашыруу дегеле дээрлик мүмкүн эмес нерсе, ага бир аз гана эң көрүнүктүү адамдар жетише алышкан. Адамдардын көпчүлүгү болсо көпчүлүк учурда бүлгүнгө алып бара турган орто жолду тандап алышат. Муну менен бирге адам өзү жашап турган мезгилдин өзгөчөлүгүн да эске алуу зарыл, эгерде инсан мезгилдин өзгөчөлүгүң эсепке ала турган болсо анда ал көп нерсеге жетишет. «Вирту» түшүнүгүндө адам өтө жогору бааланган гуманизм доорунда пайда болгон инсандык жүрүм-турумга карата коюлган моралдык талаптар чагылган.<br />
== "Падыша" чыгармасы ==
«Падыша» деген чыгарманын жаралышы өзүн курчап турган кошуналарына караганда бытыранды жана начар болгон Италия менен Флоренциянын конкреттүү саясый тарыхы менен байланыштуу. Ошондуктан Макиавелли Италияны бириктирип жана республиканы орното турган падыша талап кылынат деп эсептеген. Мына ушундай мамлекеттик ишмердин үлгүсү катарында Макиавелли өзүнүн аморализми жана чыккынчылыгы менен белгилүү болгон Чезаре Боржианы алган.<br />
«Падышада» Макиавелли акылман падышанын бейнесин сүрөттөп жазат, ал падыша өзүнүн бардык душмандарын жеңүүгө жөндөмдүү болгон арстанча айбаттуу, эң эле митайымга алдатпай турган түлкүчө куу болууга тийиш. Ал мүмкүн болушунча жакшылыктан алыстабоого тийиш, бирок зарыл болгон учурда жамандыкты колдонуудан да качпоого тийиш. Иш-аракеттин ушундай образы Макиавеллиден бери тарта Макиавеллизм деп аталып калат. Макиавеллинин ою боюнча, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн ар кандай зордукту актоого болот.<br />
16-сап:
 
== Колдонулган адабияттар ==
[http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]
 
[[CategoryКатегория:Философия]]
[[CategoryКатегория:Инсандар]]
[[CategoryКатегория:Классикалык немис философиясы]]
[[CategoryКатегория:Батыш философиясы]]
[[CategoryКатегория:Немис философиясы]]
 
[[af:Niccolò Machiavelli]]
44-сап:
[[da:Niccolò Machiavelli]]
[[de:Niccolò Machiavelli]]
[[diq:Niccolò Machiavelli]]
[[el:Νικολό Μακιαβέλι]]
[[en:Niccolò Machiavelli]]