Мамлекеттик аппарат: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Automated import of articles *** existing text overwritten ***
1-сап:
'''Мамлекеттик аппарат''' – конституциялык укук илиминдеги мамлекет милдеттерин иш жүзүндө жүзөгө ашыруучу органдар тутуму. Тар маанисинен алганда, мамлекеттик башкарууну жүргүзө турган аткаруу (административдик) бийлик органдарынын жыйындысы.
'''Мамлекеттик аппарат''' – мамлекеттин функцияларын жана [[Мамлекет|мамлекеттик]] бийликти жүзөгө ашыра турган мамлекеттик органдардын системасы. Аппараттын ишмердүүлүгүнүн мазмуну, анын уюштурулушунун жана кызмат өтүү принциптери, адистеринин составы жана иштөө ыкмалары мамлекеттик жана коомдук түзүлүштүн табиятына, тигил же бул, саясий тартипке ылайык алдынала аныкталат. Мамлекеттик аппарат системасына мамлекеттик бийликтин органдары сыяктуу эле мамлекеттик башкаруу органдары да кирет. Ага:
 
* 1) [[Парламент|парламент]] (федералдык чогулуш, Конгресс, Улуттук чогулуш ж. б.);
* 2) мамлекет башчысы, өкмөт, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, мекемелер, мэриялар, муниципалитеттер, префектуралар, мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын администрациясы ж. б.;
* 3) [[Сот бийлиги|сот]] жана [[Прократура|прокуратура]] кирет. Мамлекеттик бийликтин органдары жана мамлекеттик башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрү мыйзам аркылуу чечилет, ал эми өтө маанилүү маселелерди чечүү мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын (парламент, президент ж. б). мүмкүнчүлүгүнө кирет.
* Мамлекеттик аппарат саясий бийлик менен өтө тыгыз байланышкан. Бир партиялуулук системанын шартында Мамлекеттик аппараттын кызматкерлеринин ишмердүүлүгү борборлоштурулган партиялык машинанын кызыкчылыгына баш ийген. Демократия убагында, көп партиялуулук шарттарында, шайлоодогу саясий партиялардын атаандашуусунун натыйжасында мамлекеттик кызмат орундары эреже катары, жеңген партиянын талаптарына бөлүнүп берилет. Күч алып келе жаткан бюрократташтыруу Мамлекеттик аппараттын кызматкерлери жогору жактан дайындалып, алардын алдында гана жоопкерчиликтүү болушуна алып келет. Демократиялык көп өлкөлөрдө Мамлекеттик аппаратка адис топтоо «сиңирген эмгегине жараша «системасына», б. а. конкурс боюнча жүргүзүлөт, бул болсо өз учурунда профессионал-дык, артыкчылыкка ээ, социалдык белгилери боюнча тандалган бюрократтык түзүлүшкө жол ачат. Мамлекеттик аппараттагы өнүккөн бюрократтык централизм өкмөттөгү, губернаторлордун, префектердин «министериализм» системасынын өрчүшүнө алып келиши мүмкүн, б. а. аларга шартка жараша мыйзам чегинде же андан тышкары аракет кылууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик аппаратты жакшыртуунун башкы жолу болуп, анын ишмердүүлүгүн андан ары демократиялаштыруу жана сөзсүз түрдө аны мыйзамга баш ийдирүү эсептелет.
== Колдонулган адабияттар ==
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9
[[Category:Политология]]
[[Category:Саясат таануу]]
 
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
[[kk:Мемлекеттік аппарат]]
 
[[pl:Aparat państwowy]]
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]
[[ru:Государственный аппарат]]