Чач: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м r2.7.3) (бот изменил: th:ผม на th:เส้นผม; косметические изменения
1-сап:
[[Файл:Anderson Sophie Young Girl Fixing Her Hair.jpg|thumb|«Чачын жыйнап аткан кыз». ]]
'''Чач(түктөр)'''. [[Адам|Адамдын]] бүт денеси ([[Алакан|алакан]], [[Таман|таман]], эринден башка) түк менен капталган.
 
== Бөлүнүшү ==
Түк узун жана кыска болот. Чач, [[Сакал|сакал]], [[Мурут|мурут]], колтуктагы жана жыныс органдарынын тегерегиндеги жүн — узун, кирпик, каш — кыска. Ал эми майда түк бүт денени каптап турат.
 
== Жайгашылган жери ==
22-сап:
Чачты боёо үчүн өсүмдүк боёкторун — хна, басма, көк жаңгактын, пияздын кабыгын колдонуу керек. Химиялык боёктордон Гамма, Риолдун зыяны аз. Каш, кирпиктерди түшүрбөй сактоо үчүн щётканы кастор майына (бир нече тамчы А витаминин кошуп койгон оң) малып, көз сурмасын жеңил массаж жасоо сунуш кылынат. Майды көзгө түшүрбөй, өтө этият жасаган оң. Күн карама, вазелин, зайтун майы да кирпикти жумшартып, өстүрөт. Боёлгон каш, кирпикти түн ичинде жууп салуу керек. Ушул учурда суу менен самындап жууган жарабайт, себеби көздүн тегереги кургап, бырыш түшүп кетет. Ошондуктан өсүмдүк майы, майлуу бет май же жылуу суу менен тазалайт.
 
== Чачтын агаруусу ==
Пигменттердин жоголушунан чачтын туруктуу түссүздөнүшү. Ал организмдин картайышы менен коштолот. 35—40 жаштагы адамдардын чачы анда-санда агара баштайт. Бирок айрым учурда жаштарда да пайда болот. Адегенде саамай чач, кийин бүт баштагы чач агарат, кийинчерээк каш, кирпикти ак басат. Улгайган кезде чачтын толук агарышы физиологиялык көрүнүш болуп эсептелет. Ал эми жаштардын чачынын агарышы нерв системасынын, ички секреция бездеринин ишинин бузулушу, витамин жетишсиздигинен, аз кандуулуктан, катуу чарчоодон, катуу кайгыруудан болушу мүмкүн. Чачтын эрте агарышы тукум куума да болуп, жакын туугандардын арасында кездешет. Агарган чачты калыбына келтирүүгө болбойт. Бирок косметикалык максатта өсүмдүктөн алынган (басма, хна, көк жаңгактын кабыгы) же химиялык боёктордун жардамы менен боёсо болот. Мындан сырткары калыбына келтиргичтер колдонулуп, бирок анда коргошун болгондуктан көпкө пайдаланууга болбойт. Мындай калыбына келтиргичтер кош бойлуу аялдарга, бөйрөгү ооругандарга, бала эмизген энелерге сунуш кылынбайт.
 
== Чачтын түшүүсу ==
Чачтын кескин суюлушу же баштын айрым жеринин (же бүтүндөй) такырланышы. Кары кишилерде Чачтын түшүүсү алардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша теринин өзгөрүлүшүнө байланыштуу жана чачтын агаруусу сыяктуу эле физиологиялык көрүнүш. Эрте Чачтын түшүүсү бардык эле курактагы адамдарда кезигет. Ал өзгөчө ден соолуктун бузулушуна байланыштуу болот. Мында чач, каш, кирпик, сакал, мурут жана колтук жүндөрү түшөт. Мындай Чачтын түшүүгө негизинен [[Себорея|себорея]] оорусу себеп болот. Өзгөчө балдарда айрым жугуштуу оорулардан (сасык тумоо, безгек, дизентерия жана башкалар) кийин, витамин жетишсиздигинде (өзгөчө А, С, В1, В6), ичеги-карын, боор, калкан бездин, нерв системасынын өнөкөт ооруларында байкалат. Өтө чарчоодо, уйку качууда, окуучуларда экзамен учурунда чач күчөп түшөт. Аялдарда чачты катуу тартып байлаганда, чачты асемдеп тараганда чач көбүрөөк түшөт. Эркектерде эрте Чачтын түшүүсү көп байкалат, адегенде маңдай жана төбө чачы, кийинчерээк чачынын баары түшөт. Мындай Чачтын түшүүсү көбүнчө бир туугандарда байкалат жана баш терисинин тукум куума өзгөчөлүгүнө (калыңдыгы, кан менен камсыз болушу) байланыштуу болот. Айрым учурда чач тегерек болуп такырайып түшөт. Ага нерв, эндокрин системасынын бузулушу, организмдин жалпы уулануусу (тиштин чириши, тонзиллит, гайморит жана башкалар өнөкөт инфекциядан) себеп болот. Анда капысынан 15—20 тыйындын көлөмүндөй тегерек так байкалат. Такыр жер улам чоңоёт. Айрым учурда чачтын баары түшүп, баш бүт такыраят. Оорунун мындай формасы өнөкөт түрүндө өтөт жана оңой менен айыкпайт. Айрым учурда дарыны узакка пайдалануудан, чачты туура эмес күтүүдөн да чач түшөт.
 
Оорунун алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек. Дарылоо Чачтын түшүүсүнүн себебине жараша жүргүзүлөт. Адатта Чачтын түшүүгө себеп болгон негизги ооруну таап дарылаганда чач калыбына келип өсө баштайт. Жеткиликтүү, витаминдүү (өзгөчө А, С, В) тамактануу, ден соолукту чыңдоо, убагы менен сейилдөө, таза абада эмгектенүү, чачтын калыбына келүүсүнө, туура өсүүсүнө түрткү берет.
 
== Колдонулган адабият ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[CategoryКатегория:Оорулар]]
[[CategoryКатегория:Ден-соолук]]
[[CategoryКатегория:Медицина]]
 
[[am:ፀጉር]]
Line 121 ⟶ 122:
[[te:వెంట్రుక]]
[[tg:Мӯй]]
[[th:เส้นผม]]
[[tl:Buhok]]
[[tr:Saç]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Чач" булагынан алынды