Кремация: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.2) (робот өзгөрттү: el:Καύση των νεκρών, vi:Hỏa táng
pic
1-сап:
[[File:Ubud Cremation 4.jpg|thumb|[[Индонезия]]]]
'''Кремация''' (лат. crematio – өрттөө) – сөөктү көмүү каадасынын бир түрү. Байыркы мезгилден бери ар кайсы калктарга мүнөздүү болгон салт. Бүгүнкү күндө [[буддизм]], [[индуизм]] динин туткан калктарда сакталып калган. Учурда маркумдун сөөгүн өрттөп көмүү үчүн атайын курулган крематорийлер (латынча crematorium – өрттөйм) айрым мамлекеттерде колдонулат. Биринчи крематорий 1876-жылы Миланда курулган. Россияда 1921-жылдан тартып колдонулат. Орто кылымдардагы кыргыздар жана аларга тектеш түрк калктары адам каза болгондо сөөгүн өрттөп көмүшкөн.<br> Жазма булактардагы маалыматтар боюнча түрктөрдүн төбөлдөрү 634–639-жылга чейин ушул салтты кармашып, кийин маркумду жылкы менен чогуу өрттөп көмүүгө өтүшкөн. Орто кылымдагы кыргыздардын сөөк көмүү салты 12-кылымга таандык [[Тахир Марвазинин]] эмгегинде да баяндалат: «Кыргыздар маркумду өрттөө жөрөлгөсүн тутушат. От аларды (маркумдарды) тазартат деп далилдешет. Алардын мындай жөрөлгөсү байыртадан эле болгон, качан алар мусулмандарга коңшулаш жашагандан тартып, маркумду (өрттөбөй) көмө башташты».<br>
==Колдонулган адабият==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кремация" булагынан алынды