Петрашевский тобу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[File:B pokrovsky kazn 1949.jpg|thumb|right|300px|Петрашевчилер [[Сахналаштырылган өлүм жазасы|сахналаштырылган өлүм жазасына]] кириптер болушууда. Санкт-Петербург, 1849-жыл]]
'''ПетрашевчилерПетрашевский тобу''' - 1844-жылы [[Петрашевский, Михаил Васильевич|Михаил Петрашевский]] түзгөн төңкөрүшчүл, социалисттик маанайдагы адамдардын тобу. Бул топко негизинен коомдун алдыңкы интеллекттери,адабиятчылар, аткаминерлер, офицерлер, сүрөтчүлөр жана студенттер кошулган. Топко жигердүү катышкандардын арасында [[Достоевский, Фёдор Михайлович|Достоевский]], [[Салтыков-Щедрин, Михаил Евграфович|Салтыков-Щедрин]], [[Плещеев, Алексей Николаевич|Плещеев]] сыяктуу жазуучу жана акындар да болгон. 1945-жылдын күзүндөн тартып ар жума күнү чогулуп турушкан. Көбунчө орусия империясындагы сөз эркиндигин, кулчулуктун жоюлушун жана француз социалисттеринин теорияларын талдашкан.Алгач бул чогулуш катышкандарды Европалык социалисттердин, айрыкча [[Фурье, Шарль|Фурьенин]] пикирлерин тааныштыруу максатын көздөсө да кийинчерээк 1848-жылы Европадагы төңкөрүштөр топтун көз карашын өзгөртүп, радикалдуу пикирлерди ортого салган нукка бурулат. 1849-жылдын 23-апрелинде, түн оокумда чогулуш болуп жаткан жерден коопсуздук кызматкерлери 123 петрашевчини кармайт. Кармалгандардын ичинен 22 адамдын ишин аскерий сот карап, бирөөсүнөн башка баарын атууга өкум кылат.
 
[[Category:Петрашевчилер]]