Тукум куугучтук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Тукум1.jpg|thumb|400px|Тукум куума түзмөгү]]
'''Тукум куугучтук''' ([[Англис тили|англ]]. heritability) — бардык [[Организм|организмдердин]] дене түзүлүш, жеке өөрчүү, зат алмашуу өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле ден соолугунун абалын жана көпчүлүк ооруларга жакындыгын укумдан-тукумга берүүчү касиети. <br />
Укумдан-тукумга организмдин кадимки (соо) белгилери гана берилбестен, өзгөрүлгөн абалы да берилиши мүмкүн. Кишинин [[Ден соолук|ден соолугу]] жана түрдүү ооруларга жакындыгы көп учурда тукум куугучтук менен байланыштуу.<br />
== Ген ==
Тукум куугучтуктун негизин организмдин өөрчүү процессинде белгилери менен касиеттерин мүнөздөөчү [[ген]] түзөт. Организмге гендер ата-энесинен [[жыныстык процесс|жыныстык процессте]] же жыныссыз көбөйүүдө клетканын бөлүнүшүнүн натыйжасында өтөт. Жетилген организмдин денесинин клеткаларында ар бир ген экиден (бир жуптан) болот, аны аллель дейт. Ал эми жыныс жетилгенде (гаметаларда) гендердин аллелдери ажырап гаметаларга бирден өтөт. Ошондуктан ар бир гаметада жуптагы гендерден бирөө гана болот. Ушул закон ченемди [[Мендель, Грегор Иоганн |Г. Мендель]] гаметалардын тазалык закону деп атаган. Уруктанууда аталык жана энелик жыныс клеткалары кошулуп, зиготаны пайда кылат, анда ар бир белгиге гендердин жуп саны (бирөө атасынан, экинчиси энесинен) калыптанат. Жаңы организмде ата-энесинен алынган жуп гендерден тукум куума белгилер келип чыгат. Бирок, баланын организминде ар бир ата-эненин белгилери бирдей болбойт. Мисалы, баланын сырткы көрүнүшү, мүнөзү ата-энесинин бирөөнө көбүрөөк окшойт. Бул организмде гендердин күчтүү (доминанттуу) жана алсыз (рецессивдүү) болушуна байланыштуу экендигин Г. Мендель аныктаган. Доминанттуу гендерге байланыштуу белгилер организмдин жеке өөрчүшүндө сөзсүз пайда болот, ал эми рецессивдүү гендерге байланыштуу белгилерди доминанттуу белгилер басаңдаткандыктан алар пайда болбойт. Г. Мендель доминанттуу факторлорду чоң тамгалар (А, В, С жана башкалар), ал эми рецессивдүү факторлорду кичине тамга (а, в, с жана башкалар) менен белгилөөнү сунуш кылган. Доминанттуу фактор А рецессивдүү фактордун а таасирине үстөмдүк кылгандыктан ушул зиготадан (аны Г. Мендель гетерозигота — Аа деп атаган) өөрчүгөн организмдердин сырткы көрүнүшүндө А факторунун белгиси гана болот. Ал эми рецессивдүү фактордун пайда болушу үчүн зиготада жуп гендердин экөө тең рецессивдүү (аа) болушу керек. Эгерде организмде жуп гендер бирдей болсо (экөө тең доминанттуу — АА же экөө тең рецессивдүү — аа) мындай организм гомозиготалуу деп аталат.